Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » COVID-19: Айрым өлкөлөрдө өлүм жогорку чекке жетти

COVID-19: Айрым өлкөлөрдө өлүм жогорку чекке жетти

21-октябрь, 01:05
885 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Дүйнөдө коронавирустан көз жумгандар төрт жарым миллион кишиден ашты. Россия менен Украина акыркы бир жумадан бери вирустан өлгөндөрдүн санын ооздуктай албай жатат. Эки мамлекетте тең акыркы суткадагы статистика өлүм саны жогору экенин көрсөтүүдө. Латвияда төрт жумалык толук локдаун жарыяланды.

Россияда COVID-19га чалдыккан адамдардын саны бир жумадан бери эң жогорку чекти көрсөтүүдө. Соңку бир сутка ичинде өлкөдө 34 миң 325 адамдан коронавирус табылса, 998 бейтап көз жумду. Ушуну менен орус жергесинде коронавирусту жугузуп алган жарандардын расмий саны 8 миллиондон ашты. 220 миңден ашуун жаран өпкөнү сезгенткен илдеттен каза тапты.

Расмий маалыматтарга ылайык, Россия коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө АКШ, Бразилия, Индия жана Мексикадан кийин бешинчи орунда турат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер