Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » “Байдын үйүнө кирип, тоюнуп чыккандай эле болдук...” деп Бекназаров тамашага салганда
“Байдын үйүнө кирип, тоюнуп чыккандай эле болдук...” деп Бекназаров тамашага салганда
02-июнь, 13:37

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2010-жылдын 7-апрелинен кийин кыйла эле жыргашканы, байышканы эсибизде. Башкасын айтпасак да, “Бакиевдерди кубалайбыз” дешип, миллиондорду бөлдүрүү менен сол чөнтөккө солошконун кантебиз? “Азия Универсал” банкындагы 300 миллион долларды УӨ мүчөлөрү жакындары менен бөлүшүп алышканбы? Көп өтпөй Июнь коогалаңына себепчи болушуп, “өрттү өчүрүү” шылтоосу менен дагы канча деген миллиондор сарпталган? Айтор, мындай кылыктарын эсептей берсек арбын го? Ошондо Азимбек Бекназаров күч органдарына куратор, вице-премьер-министр катары иштеп жүрүп, аягында түшүп калган эмеспи. “Байдын үйүнө кирип, тоюнуп чыккандай эле болдук...” деп тамаша-чынга сала айтып калганычы? Образды келтиргенде көзгө элестейт да...
"Азия Ньюс" гезити