Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргыз демократиясынын «Гаврошу», же Турсунбек Акун алтымышка чыкты дейби?

Кыргыз демократиясынын «Гаврошу», же Турсунбек Акун алтымышка чыкты дейби?

18-ноябрь, 10:44
691 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Француздардын Виктор Гоюго деген жазуучусу бар. Анын Гаврош жөнүндөгү романын (роман «Отверженные», кыргызча котормосу “Чектен чыккандар” деген маанини берет) окубаган адам жок болсо керек. А балким бар чыгар. Кантсе да чөп башылып, эки сөз менен айтып кетели. Баш каарман Гаврош ата-энесинен түрткүнчүк болуп, үйдөн куулуп, көчөдө өсөт. Анын башпаанеги көчөдө жыгачтан жасалган пилдин калдайган айкелиби же эстелигиби, айтор, кичиникей Гаврош ошо көчөдө кароосуз калган пилдин ичине кирип, “өлбө жаным, өлбө” деп күн көрөт. 

Бу жыгач пилдин кенендигиби, “айкөлдүгүбү”, деги койчу, алп “пилдин койнунда өскөн” Гаврош курсагынын ач-тогуна карабай, ата-эненин мээримин көрбөй, кара жандын кайгайын тартса да, Гюгонун баяндамасында көкүрөгүндө жашоого болгон үмүттү өчүрбөй келет деп айтылат. Ошо тушта Франциянын көчөлөрүн жапырт өрт алгандай революция түтүнү каптайт. Нааразы элдер колуна киргенди кармап бийликке азуусун көрсөтүп, көчөмө-көчө баррикадаларды куруп, эки жаат карама-каршылык башталат. Гаврош балакай чоң адамдардын катарына кошулуп, революциялык дух менен күрөшкө чыгат. Колунда тапанча, огу да жок, ал гана эмес, “курогу” да жок. Ошентип француз ыңкылабынын каарманы Гаврош ушу кезге чейин француз революциясынын символуна айланып келет. Мезгил өтсө да, мезгил каармандарынын аягы суубайт тура...

Эки ыңкылапты көргөн, эки бийликти лактырган атамекендик тарых да (а балким жылдар өтүп бу көрүнүш да тарыхтын бир барагын ээлеп калаар) өзүнчө бир хроника болуп калмагы бар чыгар. Бу мааниден алып карганда биз негедир француз революциясынын каарманы Гаврошту атамекендик акыйкатчы Турсунбек Акундун образына түспөлдөткүбүз келет. Негедир Турсунбек Акунду көргөн сайын Гаврошту элестетем. 

Досье: Турсунбек Акундун саясый ачкачылык кармагандагы салмагы 63 кил, ток пейил кезиндегиси 75 кил, элдин санаасын ойлоп, кабмаркан тарткан кездеги салмагы 68 кил, бою 168 (өзгөрүсүз). Баш кийиминин өлчөмү 56. Бир мүнөттө 33 сөз сүлөйт.

Француздар Гаврош сыяктуу көчөдө самсып жүргөн балдарды “гамен” деп аташар эле, орусчасы «сорванец» дегенге үндөш. Мына ушул жагдайдан уламбы, кезегинде атактуу Отто фон Бисмарк “Революции готовят гении, делают романтики, а её плодами пользуются проходимцы» деп айтпаган чыгар эле.      Гаврошко окшогон “гамендер” революциянын даамын татып туйтунбаса да, алардын жүрөгүндөгү күрөшчүл дух Париждин баррикадаларына көтөрүп чыгып, андагы күрөшчүлдөр элге каршы бийликтин маңызын эмес, күнөөлүү кишисин айтып, момунтип ырдап чыкпаса керек эле...

Все уроды в Нантере

Ищите вину в Вольтере, 

Все дурни в Палезо

Ищите вину в Руссо, - деп. 

Анын сыңарындай, кыргыз демократиясынын Гаврошу Турсунбек Акунда өздүк саясый санжырасында эки революцияны, бир топ жаңжалды, жүздөн ашуун митингди, элүүдөй пикетти, алты жолу ачкачылыкты көрсө да, революциянын генийи да, романтиги да, бийликтин “проходимицы” да болгон жок. Француз революциясынын Марсельезасын” созуп: 

Вперед, сыны страны родной:

Дни славы наступили! 

Тираны дикою толпой.

В наш вольный край вступили, 

В наш вольный... – деп ырдап чыкпаса да, адам укугу деген (айрым булактарда “Адам укугу” деген саясый терминди еврейлер ойлоп тапкан деп айтылат. Ал канчалык чын, канчалык калп кепилдигин бере албайбыз ) саясый терминди жайдары кыргыздын мээсине кыттай куюп келет.

Укук... уккулуктуу угулганы менен анын чек арасы кайда барып такалат алигиче билбей келебиз. Канчалык конвенциялар кабыл алынса да демократиянын майкөл-сүткөл өлкөлөрүндө деле ачыктан ачык адам укугу бузулуп келет дешет. 

“Адам укугу” азыркыга чейин төрт бурчтуу тукумдай, кырлуу түшүнүк бойдон кыргыз саясый айдыңында шудуңдап жашап келатат. Ошол маданияттын, тагыраак айтканда, саясый маданияттын анабашы Турсунбек Акун өзүнүн саясый бейнесин “Адам+Укук=Турсунбек Акун” деген формула менен туюнтуп келет, б.а. Турсунбек Акундун ысымы адам укугунун «квинтэссенциясы», тагыраагы, “бир балээнин негизи” болуп калды.

Укук бузулган жердин укуругу узун болот. Ушул укуруктун айынан Кыргызстанда эки жолу ыңкылап болуп, генийлер ойлогонду романтиктер турмушка ашырып, көчөдө самсыгандар жылуу-жумшак жерге көчүк басып, бийликтин чарыгы чарт айланып келди. Мына ушул тушта бир гана адам өз ырынан да, өз чырынан да танган жок. Ал ким? Ал ким эле (“баягы эле Баймат” деп айтканга тил барбайт), Турсунбек Акун да. 

Турсунбек Акун эки төңкөрүштө улуттук ыңкылаптын башкы куралы болгон  таштан эки ирет жаракат алды. Таш – кыргыз ыңкылабынын символуна айланды. Таштан катуу неме жок, баштан жумшак дене жок дегендей, Тукенин “укукчул” принциби: башына таш тийеби, мөндүр жайбы, айтор, кабагым-кашым дебей революциялык маанайды басаңдатпай, четке какпай келет. 

Саясый жаңжалдардын оту чыкса, почточунун атындай айланып келип, Тукем ортого түшүп берет. Жаңжалдын жаагын айрып, жаңжалда болоттой курчуган саясатчы ушу Турсунбек Акун. Обу жок ОБОНдор менен да, оопсуз бийлик менен да, оожалган саясатчылар менен ортодо туруп күрөшкөндөн тайбады... Тукемдин табияты күрөшчүл, деми сактын дени сак дегендей эле. Өзун аоёсуз аябаган инсан да...

Досье: Туулган жери Лейлек ооданы, Кулунду айылы. Атасы мугалим, атасынын Акун аттуу агасынын бакма уулу. Ал ошо кишинин колунда тарбия алып, фамилиясы да ошондон улам Акун болуп калган. Теңир-Тоодо өстү. Азан чакырып коюлган аты Басызбек. 

Ар бир мезгил өз саясый уникумдарын жаратат. Бул мааниден алып карганда, багымсыздык жылдардын саясый уникумдарынын бири ушу Турсунбек Акун деп айтсак жарашып эле тургандай көрүнөт. Кыргызстанда Акыйкатычы иниститутун калыптандырган экинин бири ушул Турсунбек, ал эми экинчиси Турсунбай ажы (досум). 

Бул экөө чындап келгенде өлкөбүздөгү жаңы саясый маданияттын башатында туруп, адам укугун коргоо кыймылынын башында болушту. Муну тарых үчүн айтып коюу керек. Акыйкатчы кызматынын ажатын ачып, тургузгандар (тикелегендер)  Турсун-бай жана Турсун-бек. Ошондон уламбы, бул иниститут кыргыз саясый айдыңында монолиттей туруп келатыры. 

Кээде экөө иштин кызыкчылыгы үчүн кайым айтыша калганы менен ырасында эле бул иште Опол тоодой эмгек сиңирген инсандар. Экөөнүн тең жалында түгү бар. Баягы Баткен окуясында Турсунбай Бакир досубуз “Боинг” менен учуп, террорчулардын анабаштарынын кеңсесине кирип, аягы Арабстан, быягы Пакистанга чейин барып, маселени батыл коюп, көп иштин башын чечсе, ал эми жөө жалаң, кээде туш келген транспортко түшүп, кээде эшек минип азуусуна чейин куралданган “боевиктерге” кирип барган Турсунбек Акундун эрдиги да, эси да бар ишмердүүлүгүн айтпаска болбос. Эки достун Баткен окуясындагы сиңирген эмгегине баа жеткис. 

Досье: Турсунбек Акун эгемендүүлүктүн 25 жыл аралыгында 17 админстративдик жазага тартылган, 3 күндөн 18 күнгө чейинки камакта отурган. 2004-жылы Турсунбек Акунду белгисиз бирөөлөр уурдап кетип,15 күндөй жертөлөдө жаткан. Азимбек Бекназаровду коргоо уюму “Комитет-13түн” активдүү мүчөсү болгон. 

Кыргыз саясатчыларынын ичинен Турсунбек Акун өтө контрастуу саясатчы. Ал батирде тургандардын, жер басып алгандардын, аялдар менен балдардын, ким кыдык көрүп, кыйналса ошонун баарынын  укугун коргоо кыймылдарын түзгөн. Анын башында турган. Кезегинде КыДыКе деген кыймылдын адам укугун коргоо канатын башкарып турган да ушу Турсунбек Акун эле. 

Саясатчылар менен теңата сүйлөшүп, көбүнесе сопук көргөндөрдүн тарабына жан тартып, трибунадан түшпөй, кадимки Топчукем менен ийиндеш жүрүп, саясаттын кайгайын тарткан. Чыр чыккан жерди көрсө чыйралып, өз стихиясына түшөт. Кадимкидей борумуна келет. Чырдын гана эмес, чындыктын да ортосу болуп чыркырап күйгөн учуру да көп болду. Акаев менен айтышты, Бакиев менен кызматташты, кээде жаатташты, кемчилигин көрсөтө сүйлөдү. Канткен менен бийлик төбөлдөрү төбөгө көтөрбөсө да Турсунбек Акун менен эсептешип, ичтерине таруу батпай турса да, саясый төлгөлөрүн салдырып келди. 

Тукемин саясый дресс-коду да уникалдуу. Бирде спорттук костюмга галстук тагып алып саясаттын фундаменталдуу маселесин тегерек үстөлдөрдө, форумдарда эзсе, бирде булгары куртка, коён тумак кийип алып чечендин лидери Жохар Дудаев менен теңата сүйлөшөр эле. 

Турсунбек Акун соңку кыргыз эгемендүүлүгүнүн “яркий” саясый продуктусу. Ал үчүн принцип башкы саясый кредо. Принцип анын башкы саясый дивиденди. Турсунбек Акундун изи түшпөгөн, буту баспаган, жүрбөгөн “горячий точкалар” жокко эсе: Ош, Чеченстан, Тараз, Аксы, Баткен окуясы. Ар ким Тукеми өзүнүн түшүнүк ракурсунан көрөт, баалайт, жактырат, жактырбайт. Канткенде да кыргыз саясый айдыңында бирде төө тикендей болуп жармашып, бирде сымаптай болуп коюлуп, бирде муштумдай болуп түйүлүп, бирде саясаттын кара жагына айланып, бирде чындык деп чыркырап күйүп, өзүнүн саясый ЭГОсун бекем сактап келатканы анын адамдык мүнөзүндөгү өзгөчө касиет. 

Турсунбек Акун Виктор Гоюгонун Гаврошу сыяктуу эле кыргыз демократиясынын Гаврошундай мүнөзү, табияттан курч алган саясый салмагы, орду, кадыр-баркы бар соңку мезгилдин каарманы. Кийинки тарыхтын да бир серпиндиси, көрүнүшү. Мына ушундай инсандар гана доордун саясый портретин жаратат...

Учурунда “философиялык таштын” азабын тарткан атактуу Ницше “Всякая истина проста” деген экен. Турсунбек Акун жөнүндөгү чындык да жөпжөнөкөй, ал өз ишениминин, көз карашынын, өз чындыгынын күрөшчүл адамы, саясый жоокери, майдангери болуп келет. Турмушу күрөш. Мына ушул чындыкта жашап өтүү да оңой эмес... 


Султан РАЕВ

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер