Минкеевди камактан бошоткон Султанов көп сырды жашырдыбы?..
“Авангард Стиль” курулуш компаниясынын генералдык директору Эрнис Минкеев уюшкан кылмыштуулукка катыштыгы боюнча шектелип, камакка алынган. Аз күн мурда эркиндикке чыкты. Айрым маалыматтар боюнча, жакшы эле “кусканы” кеп болууда, чынбы? Ачык маалыматтык айдыңдан алганда, арбын жактары бүдөмүк бойдон калууда. Аныгынан талдап көрсөк, “Авангард Стиль” компаниясы олигарх Калыкбек Султановго караштуу экени, ал бизнесин баласына өткөрүп берип, өзү көзөмөлдөп келгени маалым. А Эрнис Минкеев аткаруучу директор катары эмгектенип келип, ортодон айыпталып, түрмөгө отуруп чыкты. Эгерде аны ата-бала Султановдор куткарып алышпаганда, тергөөдө көп сырлар ачыкталат беле? Ток этерине келсек, ар бир бийликтин тушунда ташы өйдө кулаган Калыкбек Султанов бул саам да жол таап, суудан кургак чыккандай эле образ жаратууда. Көп сырды жашырдыбы? Амалдуу адамга айла жок экен да...
"Азия Ньюс" гезити