Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бир күндө Садыр Жапаров менен Сооронбай Жээнбековго жолуккан “Карышкыр”

Бир күндө Садыр Жапаров менен Сооронбай Жээнбековго жолуккан “Карышкыр”

23-октябрь, 15:04
826 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый серепчи Сабыр Мукамбетов кечээ президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго журналисттердин тобу менен кирип, ал жерден аксакал катары сөз сүйлөптүр. Андан соң экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, өлкөдөгү оор учурлар боюнча масилеттешет. Бул боюнча биздин өздүк булактарыбыз билдирди. Сабыр Мукамбетовго (“Карышкыр”) кайрылсак, комментарий берген жок. Биздин божомолубузда, Жээнбеков президенттик кызматтан кетүү арызын жазбаса, эч ким аны коколой алмак эмес, бирок саясый тиреш курчумак. Ар кандай күчтөр ойгонушуп, чагымчылык менен массалык башаламандык курчуп кетиши мүмкүн эле. Адамдардын кан төгүлүүсүнө президенттик кресло арзыбай турганын Сооронбай Жээнбеков алдын ала ынанып, туруктуулук эртерээк камсыздалышы үчүн отсавкага кеткенин түшүнүп турабыз.


Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер