Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канышай Рысбекова: “Кытай тарап экология тармагы боюнча окууга чакырды”

Канышай Рысбекова: “Кытай тарап экология тармагы боюнча окууга чакырды”

18-август, 09:00
574 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакынкы күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде “Дүйнөлүк жаштар саммити Кыргызстан – 2022” болуп өттү. Бул саммитке Венгрия, Түркия, Малайзия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия жана Кыргызстан сыяктуу дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн эки жүзгө жакын жаштар катышты. Уюштуруучулар жарандык активисттер Канышай Рысбекова менен Аскар Алмаз уулу болушту.

-- Канышай, мыкты жаштар чогулуп, жакшы иштерге максаттар коюлуптур. Сени Кытай тарап экология боюнча окууга да чакырган экен...

-- Ооба, жаштар саммити экология, экономика, социалдык медиа тармагындагы глобалдык маселелерге, ошондой эле жаштардын бизнеске катышуусуна жана ролуна арналды.

Экологиялык коопсуздукка арналган секцияда жаштар таштандыларды компетенттүү башкаруу жана утилизациялоо темасын талкуулашты. Жыйынтыгында Кыргызстан Кытай менен келишим түзүп, эки тарап экология тармагында кызматташууга убада беришти. Ошондой эле Кытай тарап мени Кытайга экология тармагы боюнча окууга чакырды. Анын негизги максаты – Бишкектин баардык аймагындагы таштандыларды иргеп, аларды кайра иштетүүчү завод куруу. Ошентип, таштандылар киреше алып келип, жумуш орундарын түзүп, мамлекеттик бюджетти толтурууга жардам берет деген ишеничтемин. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер