Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рысгүл Акимжанова: "Ачкөз, зулум муундун өкүлү болгонума күйүп кетем"

Рысгүл Акимжанова: "Ачкөз, зулум муундун өкүлү болгонума күйүп кетем"

11-декабрь, 12:47
2 394 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ишкер айым Рыскүл Акимжанова экология тууралуу пикирин калтырды.

"Эң кир аба Бишкекте! Уу менен дем алып атабыз! Түшүнүксүз оорулар, күтүлбөгөн онкология, өпкө оорулары, астма, тукумсуздук, бойдон түшө берүүчүлүк, оорулардын жашарып кетүүсү, 90% элдин өнөкөт аллергияга чалдыгуусу... Ушунун баарынын 70-80% экологиянын начарлашы... 

Жаңы төрөлгөн балдар курильщик болуп калышат. Саясат, байлык, бийлик же күнүмдүк тытынмай ушундай чоң проблеманын жанында шоона эшпей калат. 

Бул проблема бүгүн эле чыга калган жок. Же экология өзүн-өзү булгаган жок. Ушунун баары адамдардын аң-сезими төмөн, бийликтегилердин популизм үчүн кылган саясатынын кесепети. 

Мактоо эмес тактоо, убагында активист-эколог Эмиль Шукуров экология деп сайрап жүрүп өтүп кетти. Парламентте экология проблемаларын айткан бир эле депутатты көрдүм, ал Эмил Токтошев болду. 

Азыр айрыкча ковид заманында таза аба өтө зарыл болуп атканда, элдер ковидден өтө көп өлүп атканда, дүйнөдөгү эң булганыч аба менен дем алып атканда, биздин чоңдор эмне менен алек ? Жо, карасаңар, эмне менен алектенип атышат?

Абасы эң кир деп эсептелген Пекин, керек болсо Ухань бизден таза! 

Жаныбызда турган Алматыны караңыз. Завод-фабрикалары жайнаган Турцияны байкаңыз. Азербайджан вообще мөлтүр экен.

Бизде азыр мактанаарлык таза суубуз эле калды. Кумтөрдүн себеби менен мөңгүлөр эрип, 4-5 жылдан кийин суусуз да калабыз.

Эң кыйраткыч, бүлүндүргүч, кыянатчыл, алдым-жуттум, ачкөз, кыска ойлуу зулум муундун өкүлү болгонума, ушул заманда жашап атканыма күйүп кетем. 

Айтып келем, айта берем, тепкилесеңер тепкилегиле, бирок Кудайым белек кылган Кыргызстандай берметтей жерибизге татыксыз эле кишилер жашап атабыз. 

Мы сами не заслуживаем такого рая как Кыргызстан!"

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер