Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Альянсты” люстрацияга таштаган Алтыкенин амалы алты эшекке жүк бекен?

“Альянсты” люстрацияга таштаган Алтыкенин амалы алты эшекке жүк бекен?

08-октябрь, 13:24
1 362 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ток этерин “эметкен” жакшы эмеспи... Алгач Алтынбек Сулайманов парламентаризмди жактап, атургай партиянын ичиндеги талапкерлерге өзүнчө добуш берүү демилгесин көтөрүп чыгып, кыйла дуулдаткан. Натыйжада, анын талабы аткарылып, мыйзам аркылуу бекемделди. Бирок, ал идеясын иш жүзүндө көрсөтпөй, чечүүчү ыңгай келгенде “ойт” бере бир мандаттуу округга секирип кетти. Баракелде!

Кыргызга аты анча коошпогон “Альянс” аттуу партияны Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев, Элдар Абакиров, Сейтек Качкынбай ж.б. жаш саясатчылар түптөп чыгышканы белгилүү. Өздөрүн пакиза көрсөткүсү келген “эрендер” каржылык жагын кайдан камсыздап жатышканын айтышкан жок. Болгону таза партия катары коомчулукка таңуулашып, аламанга ат коюшкан кербездери. Эң кызыгы, бул саясый күчтүн шайлоодон өтпөй турганын сезген Алтыке кичи мекени Ноокаттан бир мандаттуу округдан талапкерлигин койду. Тажрыйбалуу да. Кыязы, тилектештерин люстрациядан өткөрүү үчүн талаага таштады окшойт. Жалпы республика алкагынан алганда, калың катмардан колдоо таба алышпаганы айдан-ачык көрүнүп турбайбы. Шайлоо алдында эле бириге калышып, “Альянс” деп айкырып чыгышса эле жеңишке жетишмек беле? 

Ал эми Ноокаттан Алтынбек Сулайманов оңой-олтоң элдин колдоосуна ээ болот. Себеби, аймакта командасы жетиштүү. “Өзүм” дегенде өгүздөй күчү бар. Капчыгы калың. Бир эсе атаандашы Төрөбай Зулпукаров түрмөдө жатат. Тоскоол жарата турган белдүү эч ким жок. Мындай шартта каткан миллиондорун шашпай алып чыгып, 500 агитатор жалдоо менен зыңкылдата иштетсе, убаданы урдуруп койсо, жогорку көрсөткүч менен атаандаштарынан озуп чыкпай жаны жокпу? Көрдүңөрбү, каарманыбыздын айлакерлиги, амалы алты эшекке жүк бекен?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер