Акыркы кабарлар
» Коом » Быйыл Кыргызстанга 200 миңге чукул орусиялык жаран келди
Быйыл Кыргызстанга 200 миңге чукул орусиялык жаран келди
11-октябрь, 17:25

2022-жылдын башынан бери Кыргызстанга 192 миң 258 орусиялык жаран келди. Анын ичинен 1631 адам Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз берген. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаментинин башчысы Нурсултан Сардарбеков бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, быйыл Кыргызстанга келгендердин жана жарандык алууга арыз бергендердин саны көбөйгөн.
"Быйыл тогуз айда Кыргызстанга келген орусиялыктардын саны былтыркы тогуз айдагы көрсөткүчтөн 30%га көп. Былтыр тогуз айда Орусиянын 385 жараны кыргыз жарандыгын алууга арыз берип, 226 адам жарандык алса, быйыл 1631 адам арыз берип, анын ичинен 603ү кыргыз жарандыгын алды" деди Сардарбеков.