Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Искендер МАТРАИМОВ: “Шаарды каптаган ышты да бизден көрүп атышат...”

Искендер МАТРАИМОВ: “Шаарды каптаган ышты да бизден көрүп атышат...”

18-декабрь, 18:11
730 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүнкү жана буга чейинки митингдер тууралуу жарандык көз карашымды айтып коюну туура көрдүм. Себеби, бул иш-чаралар биздин үй-бүлөгө каршы уюштурулуп жаткандан кийин, унчукпай коюуга болбос. Албетте, ар бир жаран көз карашын айтып чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Биздин мамлекетте сөз эркиндигине ченемсиз укуктар берилген. Тилекке каршы, ушундай чексиз укуктардан пайдаланып, айрым күчтөр мындай мүмкүнчүлүктөрдү кимдир бирөөнүн кадыр-баркын тебелөө менен пайдаланып жатышат. Айрым журналисттер дагы журналисттик этикадан четтеп, бей тараптуулукту сактабай, бир жактуу каралоого орун берип келишти. Ал гана эмес болуп жаткан митингдерге чогуу чыгып, өздөрүнүн көз карашын таӊуулап жатканын байкоого болот. Мындай аракети менен алар кыргыз журналистикасын дискредитация кылып жатат деп эсептейм. Иним Райымбекке карата чындыкка дал келбеген жалган жалаалар айтылып, ага карапайым эл ишенип ала турган деӊгээлге жеткиришти. Сабыр кылып, унчукпай келгенибизден пайдаланып биздин дарегибизге каалагандай көө сүйкөштү. Биздин үй-бүлөнүн артынан өчү бардай түшүп, бир жактуу маалыматтар менен чабуул жасашты. Бажы тармагындагы мыйзамдарды, иштөө тартип-эрежелерин тактабай туруп, өзү издөөдө жүргөн, алдамчылык менен кылмыш иши козголгон адамдын сөзүн маанилүү далил катары чыгарышты. “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча териштирүү жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы күтпөй эле саясый кызыкчылыгы бар топтор улам арты-артынан акцияларды уюштуруп, инимдин сүрөтүн жасалмалап, шылдыӊдап көтөрүп алып чагымчылдык пикирлерди жайылтуу менен алек. Учурда эмне гана болбосун бизге шылтап, ал тургай шаарды каптаган ышты дагы бизден көрүп жатышпайбы? Айтор, Кыргызстандагы баардык ийгиликсиздер үчүн жалгыз эле биз күнөөлүдөй көрсөтүшүүдө. Бүгүн дагы кезектеги иш-чарасын өткөрүшүп, бир топ жарандар Ала-Тоо аянтына чогулушту. Биздин дарегибизге жасалып жаткан каралоо чындыкка дал келбесин убагы келгенде, териштирүүлөр аяктаганда далилдеп беребиз. Бет тырмачылыктарга, жалган жалааларга дагы жообубуз бар, аны убакыт, мезгил ордуна коет.


Искендер Матраимовдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер