Акыркы кабарлар
» Саясат » Курсан Асановдун кызы Элнура шайлоого аттанды
Курсан Асановдун кызы Элнура шайлоого аттанды
16-март, 12:26
1 051 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш иши козголуп, камакта жаткан ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун кызы Элнура Асанова Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоого катышат. Бул тууралуу депутаттыкка талапкердин апасы Жипара Баргибаева Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
“Акыйкат, чындык издеп, кызым Асанова Элнура Курсановна Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоого “Улуу Журт” партиясынан аттанды. Жараткан өзү жар болсун!” деп жазган ал.