Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Батыштык “баалуулуктарды” одоно таңуулоо процесси жүрүүдө”

“Батыштык “баалуулуктарды” одоно таңуулоо процесси жүрүүдө”

12-апрель, 09:00
580 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте биздин жарандардын аң-сезимине киргизилип жаткан Америка идеологиясына каршы чыккандардын башын бириктирген тегерек үстөл болуп өттү.  Саясатчылар, эксперттер, маданият ишмерлери, коомдук кыймылдардын өкүлдөрү, журналисттер азыркы коомдун орчундуу суроолоруна чогуу жооп табуу үчүн жолугушту.    

Роза Нурматова, “Элдик каеңеш” бирикмесинин лидери, коомдук уюмдун экс-жетекчиси:

-- Кеп руханий баалуулуктар, адеп-ахлак, жалпысынан идеология жөнүндө. Тилекке каршы, идеологиянын жоктугу руханияттын жетишсиздигин, адепсиздикти, сабатсыздыкты, жоопкерчиликсиздикти, шалаакылыкты, алтургай коркоктукту жаратат! Баарыбыз жооптуубуз – ата-эне, үй-бүлө, мектепке чейинки, мектептик билим берүү мекемелери, ЖОЖдор, коом, мамлекет. Кылым карыткан тарыхыбыз, каада-салтыбыз, маданиятыбыз, динибиз бар, ааламдашуу доорунда оригиналдуулугубузду, өзгөчөлүгүбүздү сактап кала алабызбы?

Биз, кыргызстандыктар, өлкөдө жашаган бардык улуттар абдан демократиялуу, ачык, толеранттуубуз. Бардык мамлекеттер менен турмуштун ар тармактарында кызматташабыз. Бирок “америкалык либералдуулук бизге туура келеби?” деген суроо жаралбай койбойт. Көптөр “бул эки цивилизациянын кагылышуусу” деп эсептешет.

Эки дүйнө тааным: салттуу жана заманбап. Биз, совет адамдары, консерваторлорбуз, эски негиздерди, үрп-адаттарды жана салттарды коргоочуларбыз. Аларда эмне бар? Мисалы, жакында эле Бельгияда балдарды сатуу жарманкеси өтүп, баасы 90 доллардан 160 миң долларга чейин болгон. 

 Мыйзамдуу түрдө бир жыныстуу үй-бүлөлөр (ата-энеси №1, ата-энеси №2) энеден баланы сатып ала алышат. Келишим түзүңүз, баланы суррогат эне көтөрүү кызматын төлөңүз! Мен үчүн, совет адамы үчүн, бардык адекваттуу адамдар үчүн бул шок процесстер! 

Канада жашы жете элек балдардын ата-энесинин макулдугусуз эвтаназия кылуу боюнча мыйзам кабыл алды. Норвегияда балдарды ата-энесинен ажыратуу үчүн квота бар. Батыштык “баалуулуктарды” одоно таңуулоо процесси жүрүп жатат – бир жыныстуу нике, жынысты оңдоо (трансгендеризм), жыныссыздык, айбандык ж.б.у.с.

Ал бизге келе турган күн алыс эмес! Кандай чараларды көрөбүз? Гейди инсандык бузулуу катары кабылдайсыңбы? Айыптабайсыңбы? Албетте, радикалдуу ыкма менен эмес, аларга карата басмырлоо болбошу керек!

2020-жылдын 8-мартында борбор калаада феминисттердин кортеж-парадын уюштуруу аракети болуп, аларды белгисиз агрессивдүү адамдар күч менен таркатышканын билебиз.

Кытайды мисалга алалы. Алар жаңы популярдуу телекөрсөтүүлөргө тыюу салышты: анормалдуу эстетикага каршы туруу зарыл деп эсептешет.

Биздин жалпы тарыхыбыз бар, советтик. Бул салттуу баалуулуктар! Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күндө жалпы маданий, агартуу, идеологиялык мейкиндик жок. Ааламдашуу доорунда руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарыбызга мындай одоно кийлигишүүгө биргелешип, чогуу каршы тура алабыз. Эмне үчүн биз бүткүл мейкиндикте бирдиктүү идеологияны өнүктүрбөйбүз? Келгиле, бул маселелерди активдүү талкуулайлы!

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат:

-- Америкадан баары чарчады, анын ичинде мусулман өлкөлөрү Иран, Ирак, Ливия, Сирия... Мусулман катары мен бул процесстерди байкап жүрөм.  Америкалык идеология бизге такыр туура келбейт деп ойлойм.

Кадыр Кошалиев, КР биринчи элдик курултайынын төрагасы:

-- Курултай – бул биздин миң жылдык демократиялык салтыбыз.  Ошондуктан, Америка демократиясына чейин, АКШ мамлекет катары калыптана элек кезде, биз ушул принциптер менен жашап келгенбиз.

Замир Эралиев, режиссёр, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер:  

-- Америка искусствосунда зордук-зомбулук, бузукулук, сексуалдык үгүт иштери активдүү жүрүп жатканын айтты. Алардын киносунда деструктивдүү идеология бар. Руханият жок, алар ийгиликти, люксту идеалдаштырат, долларга сыйынышат.  Ооба, алардын жакшы тасмалары бар, бирок алар өтө аз жана анча популярдуу эмес. Ал эми Кыргызстанда искусствонун өзүнүн бай маданий мурасы бар.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер