Нуржигит Кадырбеков атка мингенди Канатбек Исаевден үйрөнүп алса ашыкча болбос

Өткөн жумада Каркыра жайлоосуна Нуржигит Кадырбеков эт жегени барып, чер жаза кайтты. Ат мингенин Фейсбуктагы баракчасына жүктөптүр. Дал ушул образы одоно учурады. Тоолук кыргыз балдарына жарашпаган көрүнүш. Нуржигит мырза ат мине албай, эки колу менен тизгинди жайып кармап, өзүн олдоксон көрсөткөнүн кантебиз? Көчүгү да ээрге нык отурбай, калдаңдап борпоң... Нарк, каада менен кылым карыткан кыргыздар мындай көрүнүштөгү пендеге баа берип коюшкан. Нуржигитке окшоп ат мингендер түпкүлүгүндө эл башкара албасы анык эмеспи. Бул ата-бабадан келаткан сыр, төлгө. Мисалы, Адахан Мадумаров да шуңшуюп, атка түзүк отура албайт. Мындан Канатбек Исаев чыкчыйып, бекем отурат, жадагалса аттын кулагы менен тең ойноп, улак тартып, көптөрдү чаңында калтырганын далай көрүп, кол чаап келбедикпи....
"Азия Ньюс" гезити