Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты: “Профсоюздук уюмдарда башаламандык өкүм сүрүүдө”
-- Таабалды мырза, азыр эле кесиптешиңиз Кожобек Рыспаев профсоюздар тууралуу тирукмуш фактыларды келтирди. Депутаттык комиссиянын төрагасы катары сиз буга эмне кошумчалайсыз?
-- Профсоюздук уюмдарда башаламандык, өзүм билемдик өкүм сүрүүдө. Себеби, союз ыдырагандан кийин жетекчиликтеги жыйырма адам уставдарды өздөрүнө ыңгайлаштырып алып, элден топтолгон каражаттарды (бир жылда 1 миллиард сом акча жыйналат) өз кызыкчылыгына жумшап, мүлктөрдү каалагандай сатышкан. Биз депутаттык комиссия былыктарын чукуй баштаганда алардын арасында ички күрөш күч алды. Жаңы жетекчи коррупцияга аралашпай, “биз эл үчүн иштейли, ишибиз ачык болсун” деген талаптарды койгондо эски жетекчилер ага каршылык көрсөтүп киришти. Себеби, ал жакта өтө чоң акча бар. Ачык эле айтыш керек, бүгүнкү күндө профсоюз өзүнүн милдетин аткарбай жатат.
-- Укук коргоо органдары бул уюмдун ичиндеги мыйзам бузууларды кантип байкабай калышты? Ушундай мыйзамдуу суроо туулат да...
-- Бул жерде көп жылдардан бери калыптанып калган коррупциялык система бар. “Бул тергөөчү мынча миң доллар алган, түкүнчө мынча алган” деген маалыматтар айтылууда. Укук коргоо органдарында иштегендер алардын уюмуна мүчө эмес, бирок, курортторго, санаторийлерге путевка алган учурлар болуптур. Биз бул системаны жоюу боюнча президентке да, премьер-министрге да кайрылдык. Мунун аягына чыгып, былыктарын ачпасак, элдин акчасын өз кызыкчылыгына пайдалануу улана бериши мүмкүн.
-- Профсоюздар уюмун реформалоо боюнча кандай иш-чаралар керек дейсиз?
-- Биринчи кезекте ачыктык, айкындык болуш керек. Профсоюздардын негизги милдети – эмгекчилердин укугун коргоо. Бүгүн бирөөнү иштен кууп жиберсе, эч ким анын укугун коргобойт. Мугалимдер, врачтар тууралуу маселе көтөрүлбөйт. Жанагы 20 жетекчи өзүнүн камын көрүү менен алек.
"Азия Ньюс" гезити