Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөсүнүн өлүгү менен кошо карантинге камап коюшкан...

Күйөөсүнүн өлүгү менен кошо карантинге камап коюшкан...

12-март, 15:15
976 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Италиянын Савона провинциясында жергиликтүү бир аял коронавирус боюнча карантинге алынгандан улам күйөөсүнүн өлүгү менен кошо бир нече күн бир үйдө жашаган. Бул тууралуу IVG.it телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, бул коронавирустан улам өлгөндөрдүн денесине жакындоого болбойт (!) деген жаңы киригизилген эреженин айынан болгон. Эрежеге ылайык, өлүктү алгандан мурун, маркумдун жана анын туугандарынан анализ алуу керектелет. 

Бийлик алгач маркум коронавирустан улам өлгөнүн аныктоо үчүн анализдин жыйынтыгын күтмөкчү болгон. Маркум 9-мартта өлүп, аялы ошол убактан бери күйөөсүнүн өлүгү менен чогуу бир үйдө жашап келген. Бирок, жыйынтыгында, жергиликтүү бийлик анализдин жыйынтыгын күтпөй эле маркумдун денесин алып кетүүнү чечкен.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата, Италияда 12 миң 462 адам коронавирус жуктурса, андан каза болгондордун саны 827ге жеткен. Бул тууралуу "Барс медиа" жазып чыкты.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер