Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жакшыларга көңүл бурбайбыз, Жандүйнөнү тепсеп булгайбыз

Жакшыларга көңүл бурбайбыз, Жандүйнөнү тепсеп булгайбыз

24-апрель, 21:47
755 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Сулайман Рысбаев – окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор. “Алиппе”, “Кыргыз тили” жана “Адабий окуу” китептеринин автору. Кыргыз эл жазуучусу, балдар үчүн ондогон аңгеме-жомок жыйнактары чыккан. Обончу жана да көптөгөн ырларына обондор жазылган. 

Кыялдануу
Өзүмдү сенин көзүң менен карап,
Чачымды сенин колуң менен тарап.
Чарчабай ойлой берем сени гана,
Ойлордон, санаалардан жүрөк канап.

Сен болуп өзүмдү өзүм сүйүп тыңшап,
Сен болуп өзүмдү өзүм ээрчип чуркап.
Азыр мен алапайым таппай турам,
Жаш сыгып жүрөгүмдөн бурчак-бурчак.

Сен болуп өзүмдү өзүм тосуп алам,
Сен болуп өзүмө өзүм кучак жаям.
Сен болуп сагынычымды өзүмө айтып,
Көчөлөп кол кармашып бирге барам.

Сен мага керек болсоң – өзүм айтам,
Мен сага керек болсом – жаным курман..!

***
Жай күнүндɵ соолуйт гүлдɵр бактысыз,
Убайымдуу аёо отун жандырат.
“Кош” деп айтып, башын ийет салбырап...
Ошол менин жүрɵгүмдү саят “тыз”.

Жаштык күндɵ соолуйт ɵмүр бактысыз,
Жарык күндɵ жайнап ɵсɵр чагында.
Санаа чегип сагын, мейли сагынба…
 Ушул менин жүрɵгүмдү саят “тыз”.

Кандай күнү соолуйт сүйүү бактысыз,
Эссиз бирɵɵ таптайт жерге тебелеп.
Кеч ɵкүнөт ɵзүн анан жемелеп…,
Ушул менин жүрɵгүмдү саят “тыз”.

Сүйүү да гүл, ɵмүр да гүл, калетсиз,
Экɵɵнүн теӊ гүлдɵй назик кɵӊүлү.
Экɵɵнүн теӊ гүлдɵй кыска ɵмүрү!
Ушул мени жүрɵгүмдү саят “тыз”...

Эстейбиз
Уурдап бизден айлар-жылдарды,
Өтөт күндөр, туюп-сезбейбиз.
Күбүгөндө гүлүн өрүкзар,
Ошондо биз баасын эстейбиз.

Кенен күндү тар деп чектейбиз.
Болбос ишке чүнчүп, жектейбиз,
Кыйып кетип, далай көңүлдү,
Кымбаттыгын кийин эстейбиз.

Жакшыларга көңүл бурбайбыз,
Жандүйнөнү тепсеп булгайбыз.
Эсил күндү колдон учурган,
Эстеп-эстеп, кийин ырдайбыз…

Эстейбиз да, келер учуру,
Кайталанбайт күндөр утуру.
Дал ошондо жетер жүрөккө,
Ысык-суугу жана кызыгы...

***
Айлымдын аппак булуту,
Ак куудай көктө кɵрүнɵт.
Башымды ийип тосоюн,
Жамгырыӊ жыттуу тɵгүп ɵт.

Сагынтпай келчи, атыр жел,
Саамайым сылап ар күндɵ.
Боз үйдүн желпип үзүгүн,
Коркута кɵрбɵ ал түндɵ.

Сарала торпок издетип,
Сайгактап алыс кетпечи.
Жал-куйругуӊ сылайын,
Кер кулун, үркүп теппечи.

Сайбачы сен да, сүт тикен,
О чалкан, сен да чакпачы.
Yнүӊдү албуут сагындым,
Кумайык үрүп, каппачы.

Баарыӊды жылдап сагындым,
Туулган жер, сага табындым…

Кадыркеч курбуга
Күндө ойлонтуп, алдың тынчымды.
Түндө ойгонтуп, куудуң уйкумду,
Жалгыз бир сени күтөмүн дедиң,
Кадыркеч курбум, айтчы, бул чынбы?

Күлүп турсам да, кетпей эсимден,
Кейип турсам да, өчпөй сезимден.
Кабарың күтүп, карайм жолуңду,
Жолукчу бир күн учуп көзүмдөн.

Айдан келдиӊби, кайдан кабылдыӊ, 
Күнгө кеттиӊби, келчи сагындым.
Асылым кылбай, арманым кылган,
Тагдырга өтө, өтө таарындым.

Сөзүңдү наздуу күндө угалбайм,
Укпасам күндө чыдап туралбайм.
Кадыркеч курбум аман жүрсө - деп,
Жүрөм өмүрүң тилеп кудайдан.


Неге жолуктуң?
Жаздын күнүндөй,
Тоонун гүлүндөй,
Назик жылмайдың,
Гүлдүн бүрүндөй.

Күндүн нурундай,
Күүнүн сырындай,
Жылуу күлгөнүң,
Сүйүү ырындай.

Күйгөн чыраксың,
Тунук булаксың.
Жакын турсаң да,
Кылым ырааксың.

Оттой жанарсың,
Отко саларсың.
Өмүр өткөнчө,
Эсте каларсың.

Күтүүсүз жолуктуң,
Жүрөк ооруттуң.
Андай болгон соң,
Неге жолуктуң?
Жүрөк ооруттуң.

Сени эстесем
Жолум кандай бактылуу сага келген,
Көзүм кандай бактылуу сени көргөн.
Таанышканда тартынып турсам дагы,
Колум кандай бактылуу сага берген.
Биле электе бакыттын эмне экенин,
Бакыт болуп сезилген колуӊ сенин!

Күндөр кандай бактылуу бирге жүргөн,
Гүлдөр кандай бактылуу сага берген.
Экөөбүздү дүйнөдө табыштырган,
Кандай гана бактылуу бир көз ирмем.
Биле электе бакыттын эмне экенин,
Бакыт болуп угулган үнүӊ сенин.

Сени эстесем көрүнөт бир нур элес, 
Экөөбүздү эч бир жан экөө дебес,
Күн-түнү сени ойлоп эзилбеген, 
Эт жүрөгүм болсо да, меники эмес.
Биле электе бакыттын эмне экенин,
Бакыт болуп көрүнгөн көзүӊ сенин!

Замандашка кайрылуу
Асыл гүлүн жеримдин үзбөгүлө,
Ата жолун улантып, түздөгүлө.
Карайлатып калкымды, тумчуктурбай,
Караӊгыдан жарык нур издегиле.

Жалгыз талды «жалгыз» деп кыйбагыла,
Жалгыз өлсө, кемсинтпей ыйлагыла.
Алсыз, күчтүү экен деп, бөлүп-жарбай,
Ар бирөөнүн кадырын сыйлагыла.

Карыптарга каргышка калбагыла,
Кары көөнүн оорутап албагыла.
Жабыркатпай жамандын көӊүлүн да,
Жакшы бир ооз сөзүӊдү арнагыла.

Кыргызымдын бактысын көздөгүлө,
Кыз-уулуӊдун ырысын кеспегиле.
Түркөйлүккө көмүлүп бара берсек,
Түбү жаман болорун эстегиле.
Түбү жаман болорун эстегиле!!!


"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер