Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ажырашуу уят эмес. Сени сүйбөгөн адам менен жашаган уятпы?

Ажырашуу уят эмес. Сени сүйбөгөн адам менен жашаган уятпы?

22-июнь, 12:09
3 932 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ажырашуу уят эмес, сени сыйлабаган адам менен жашаган уят. Ажырашуу уят эмес, “эл эмне дейт?” деп жашаган уят.

Биздин уруш эбак эле башталган. “Балдарым атасыз өсүп калбасын” деп чыдап жүрө бердим. Ашата сөккөндө, кулагымды жаптым. Кол көтөргөн күндөрүндө, көгала денемди жаптым. Сезимдерим менен ойногондо, жүрөгүмдү жаптым. Өзүмдүн чечкинсиздигиме ызаландым. Кетип калайын деп босогону аттайм, кайра “эл эмне дейт?” деген балээ иштеп кетет.
 
Туугандарым мени күнөөлөштү. Өз ата-энем үйүнө кабыл албасын айтты. Кимге барарымды билбейм. Менин кете албасымды билген күйөөм мени эбак эле сыйлабай калган.
 
Акыркы жылдары тынч жашап калганбыз. Бирок, бөтөн кишидей. Балдар чоңоюп, өз жолдору менен кете баштады. Сүйлөшкөнгө сөзүбүз калбады. Мен жумушка кетем. Ал келсе мен жок, мен келсем ал жок. Тойлорго эч нерсе болбогондой барып, чогуу отуруп, берген тамагын жеп келебиз. Балдарым “ажырашып эле кетпейсиңерби” дейт, унчукпай кутулабыз. Бизди эмне кармап турат? Куру байлыкпы? Куру намыспы? Элдин сөзүбү? Менимче, баары окшойт.
 
“Силердин урушуңарды көрүп чоңойгонума өкүнөм. Мени “атасыз калбасын” деп атып, келечегимди талкаладыңыз. Атам менен ажырашып кетсеңиз, алда канча бактылуу чоңоймокмун. Сиз дагы бактылуу болот элеңиз. Мен эми нормалдуу үй-бүлө кура албамбы? Эч ким билбейт”дейт кызым.

Жолдошум экөөбүз дагы уруша кеттик. 20 жыл жашаган жолдошум 5 мүнөттө чыныгы жүзүн көрсөттү. Мен такыр шок болуп калдым. Аял киши бул жакта эле калсын, андан да өтүп кетти. Мындай наадан, акмак адам балдарымдын атасы болуп калганына өкүнөм! Ушунчалык жүрөгүм ооруйт, ага эмес балдарыма...

jurok.syrlaru_
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер