Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коомчулуктун маанайын чыңалууга жеткизген Айбек Жунушалиевдин шалаакылыгы

Коомчулуктун маанайын чыңалууга жеткизген Айбек Жунушалиевдин шалаакылыгы

05-сентябрь, 21:49
513 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Какаганга муштагандай” болуп, кыйын кырдаал жаралууда. Ооба, Бишкек шаарында. Ансыз да жолдорго машина батпай, тыгын чоң көйгөйгө айланган чакта, мэриянын кайдыгерлигине коомчулук нааразы. Карл Маркс, Лев Толстой, Максим Горький, Жибек-Жолу сыяктуу негизги көчөлөрдүн оңдоо-түзөө иштери бүтпөй, бул көрүнүштүн айынан тыгын огобетер курчуп, шаарда автоунаалар жылбай эле калды. Сентябрь айы башталып, жогорку окуу жайларына, мектепке, бала бакчага баруу кыяматтай эле сезилүүдө. Негизи жумушка, же бир көздөгөн жериңе жетүү үчүн кадимкидей заарканасың. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев алдын ала анализ жасай албаганын, шалаакы жүрүм-турумун көрсөтүүдө. Бул эргулдун айынан жүргүнчүлөр депрессияга батышып, кейиштүү эле абал түзүлүүдө. Коомчулуктун маанайы чыңалып бараткандай. Дал ушул Жунушалиевдин айынан бийликке нааразы болгондор арбып баратат го? Олдоксон жүрүшү менен кыжырга тийе береби? Кыскасы, тийешелүү жетекчилик талдоого ала турган мезгил келди. Элдин чыдамы кетип калгандай... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер