Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Мэриянын “бөрк ал десе, баш алганына” жол бербейли”
-- Эмил Токтакунович, бүгүн сиз да Ататүрк сейил багындагы курулуштар боюнча маселе көтөрдүңүз. Эмне себептен мэриянын ал жерлерди кайра кайтаруу боюнча аракетин туура эмес деп эсептейсиз?
-- Ал жерлердин бирилгенине бери эле дегенде 15-20 жыл болуп калыптыр. Андан бери улам сатылып, экинчи, үчүнчү колго өткөн. “Добросовестный покупатель” деген түшүнүк бар да. Жарандар өз акчасына сатып алып, там салып, жашап атышат. Анан арадан жыйырма жыл өткөндөн кийин аларды чыркыратып, “бошот” деген туура эмес, эч кандай жакшылыкка алып келбейт. Ал жерде тогуз кабаттуу бир үй бар. Анын жашоочулары мага жеке кайрылышты. Аларга да “үйдү бошотуп койгула” дешиптир. Аларда күнөө жок да. Бул адамгерчиликке да сыйбайт, мыйзамга да туура келбейт. Андан көрө, жыйырма жыл мурда ким берген, ошону сурап, териштиришпейби! Мэриядагылар “бөрк ал десе, баш алып” атышат да. Андайга жол бербеш керек.
-- Кесиптешиңиз Дастан Бекешов “алардын тамдарын бузуу ордуна, парк зонасында жашаганы үчүн жер салыгын көбөйтүш керек” деген сунуш киргизди. Сиз буга кандай дейсиз?
-- Ошентсе болот. Бирок, аны дагы сот аркылуу, мыйзамдуу түрдө жасоо зарыл.
-- “Ал жерди алгандардын көбү депутаттар, министрлер болгон, андыктан, алардын көңүлүн караштын кереги жок” деген да көз караштар бар. Айрым аткаминерлер учурунда өз бийлигинен кыянат пайдалангандары чынбы?
-- Ооба, депутаттарга, министрлерге да жер участоктору берилген. Бирок, ал учурда ага мыйзам жол берген да. Ал кезде “парктын жерин берүүгө болбойт” деген мыйзам жок болчу. Кийин паркты сактоо боюнча мыйзам кабыл алынган учурда кеч болуп калган эле, жерлер берилип кеткен...