Элчи катары Гүлнара-Клара Саматтын иштей албасын “Азия Ньюс” гезити башында эле жазган
Ооба, ушундай. “Азия Ньюс” гезити башынан эле Россиядагы элчи Гүлнара-Клара Саматтын иштей албай жатканын жазып келген. Көп негиздер менен. Тилекке каршы, убагында көңүл бурулган эмес. Акырында айкындалып, ал ишенимди актай албай кызматынан кетти. Партиялаш катары сыпаттаган, “кол ийрисине тарткан” кадрлар мамлекеттик кызматтарда жөндөмсүз экенин көрүп эле келатабыз го? Ошолордун бир сыңарындай Гүлнара-Клара Самат да аксап, Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү Россиянын алкагында ийгилик жарата албады. Инвестиция тартууда, мигранттардын жашоо шартын жеңилдетүүдө мукурап, күнүмдүк гана тиричиликтин капшабында калганын көрдүк. Иралды Россия менен алаканы тереңдетүүгө, элибизге пайда алып келүүгө жараган жок, туурабы? Кыскасы, кадр саясатындагы мындай алешемдиктерди санасак арбын эле.
"Азия Ньюс" гезити