Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “ЖМК боюнча мыйзам Конституцияга каршы келсе, мен каршы добуш берем”

Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “ЖМК боюнча мыйзам Конституцияга каршы келсе, мен каршы добуш берем”

10-февраль, 19:52
463 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дастан Артисбекович, кечээ ЖМК боюнча мыйзам долбоору комитет тарабынан артка кайтарылганы туура болдубу?

-Кечээ комитеттен каралса болмок. Суроолор бар болчу. Долбоордун авторлоруна эң негизги суроом: “Бизде Конституциянын 30-беренесинин 1-2-3-4- пункттарында маалымат каражаттары боюнча жакшы жоболор бар. Эгерде биз ушул мыйзамды кабыл алып берсек, ал Башмыйзамга карама-каршы келбейби? Эгер каршы келсе, мен каршы болом” деп айтайын дегем. Бирок, долбоор күн тартибинен алынып калды. Эгер кийин дагы карала турган болсо, мен бул суроону сөзсүз берип, тактаганга аракет кылам. 

-- Буга чейин долбоорго карата ЖМК өкүлдөрү, коомчулук тарабынан бир топ терс пикирлер айтылган. Анын артка кайтарылышына ошол нерсе да таасирин тийгизген жокпу?

-- Долбоор боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри өзү баяндама жасашы керек болчу. Бирок, анын ордуна орун басары келгендигине байланыштуу депутаттардын сунушу менен күн тартибинен алынып калды. Мындайча айтканда, процедурага эле байланыштуу болду. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер