Нариман Түлеев: “Мен атамдан, апамдан айрылдым, ковидден агамды жоготтум”
Нариман Түлеев да бүгүн ойгонуп, элге кайрылуу жолдоду:
“Урматтуу достор! Мен сиздерге жакшы жаңылыкты айткым келет. 2012-жылдан бери мен акыйкаттык үчүн күрөшүп, бардык сыноолорду башыман өткөрүп, темир тор артында отурдум, көптөгөн кыйынчылыктарга туш болдум. Атамдан жана апамдан айрылдым, быйыл дагы COVIDден агамды жоготтум, анын ден соолугу ушул жылдарда начарлап кетти. Күнөөсүз жигиттер үй-бүлөсүнөн алыс, темир тор артында жатып калбасын деп, Жогорку соттун чечиминен кийин мага жазылган зыяндын ордун толтурдум, бирок ошондо дагы мен өз күнөөмдү мойнума албаганымды айттым. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин да күрөштү токтоткон жокмун. Биз сотко кайрылып, күнөөсүз экенибизди далилдедик, эми акыры тарыхый күн келди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бир нече айдын ичинде иштин бардык жагдайларын изилдеп чыгып, үч инстанциянын – Ленин райондук, шаардык жана Жогорку соттордун айыптуу өкүмүн жокко чыгаруу жөнүндө чечим чыгарды жана аларды жаңы кароого жиберди. Жаңы кароодо Кудай буюрса, дагы бир жолу күнөөсүз экенибизди далилдейбиз.
Ушул жылдар аралыгында “акыйкаттыкка жетсем жана ар-намысымды калыбына келтирсем” деген үмүтүмдү жылуу сөздөрү менен колдоп келишкен бардык жазылуучуларыма терең ыраазычылыгымды билдирем. Мени аягына чейин күрөшүүгө шыктандырган сиздерсиздер! Баарыңарга рахмат!”