Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз МАМБЕТОВ, мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси: “Паспорт боюнча куру сөз айтпай, далилин алып келсин да”

Алмаз МАМБЕТОВ, мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси: “Паспорт боюнча куру сөз айтпай, далилин алып келсин да”

06-декабрь, 12:02
569 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Кыргыз паспорту бизнеске айланды. Өзбекстандан барган мигранттар кыргыз паспортун жарнамалап сатып жатат” деп вице-спикер Аида Касымалиева маселе көтөрүп чыкты. Бизде паспорт берүү системасы кандай көзөмөлдөнөт?

-- Адам өзү келип паспорт алмайынча, андай мүмкүнчүлүк жок. Паспорт алуу үчүн адам өзүнүн биометрикасын, колунун манжаларын тапшырышы керек. Ал адам манжасын коймоюнча, ал системага чыкпайт. Куру сөздөр менен эле күчөтүп айтып жатышат. Алар жасалма паспорт боюнча далилин алып келишсин да. Бул паспорт кай жактан келген, эмне болгон – баарын изилдешибиз керек. Башка мамлекеттин жаранына кандайча жазылып калганын аныкташыбыз шарт. Куру сөздөр менен айтып атышат, бирок мен бир дагы андай фактыны көргөн жокмун. Азыр сиз келип “паспорт алам” десеңиз, сиздин тууганыңыз же жакын адамдарыңыз келип паспорт алып бере албайт. Анткени системада идентификация деп коёт, сиздин жүзүңүздү карашыбыз керек. Мурда паспорт алып, бирок жоготуп жиберсеңиз да сиздин мурдагы сүрөтүңүз сакталуу. Биз ошол сүрөткө карайбыз. Сиздин мурдагы физиономияңыз менен азыркы физиономияңызды салыштырабыз. Жаш өткөн сайын адам деле карыйт да. Пластикалык операция жасатасызбы, балким чач жасалгаңыз өзгөрдүбү, биз анын баарын салыштырып карайбыз. Андан тышкары,  манжаңыз текшерилет. Ошондон соң бизде система ачылат. Анан “бул ушул киши” же “башка” деп ачык айтылат. 

-- Айдоочулук күбөлүк боюнча да коррупциялашып кеткени, жасалмалар көбөйгөнү айтылууда?

-- Айдоочулук күбөлүк алыш үчүн деле ошол эле системадан өтүш керек. Биз жаңы айдоочулук күбөлүктү киргизип жатабыз. Келерки жумадан тарта жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштайт. Мурдагы күбөлүктөргө караганда коргоо даражалары абдан жогору болот. Документтерди 10-15 жыл сайын жаңыртып, өзгөртүп туруу керек. Анткени технология бир калыпта турбайт. 2011-жылы айдоочулук күбөлүк чыккан. Ал кезде ал технология жакшы болчу. Убакыт өткөн сайын анын үлгүсүн жасап баштоо мүмкүнчүлүгү бар. Ошон үчүн сегиз жылдан соң жаңы айдоочулук күбөлүк киргизип жатабыз. Анын коргоочу даражалары жогору жана баасы арзан. Эми дагы жаңы паспорт чыгарууну ойлонуштуруп жатабыз. Ал биометрикалык паспорт болуп, ичинде чип болот. Бир жерден чек арадан өтүп жатканда ошол паспортту аппаратка койгондо, сиздин толук идентификацияңыз чыгат.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер