Акыркы кабарлар
» Саясат » Экс-министр Эркинбек Чодуев шектүү иштерин “жең ичинен” бүтүрүп атабы?
Экс-министр Эркинбек Чодуев шектүү иштерин “жең ичинен” бүтүрүп атабы?
31-март, 19:30
675 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдин үстүнөн арыздар түшүп, күч органдары маселесин карап атканын эшиткенбиз. Коррупция, алдамчылык жагынан шектелип, камалып кетүүсүнө жол чабылып калганбы? Бирок “жең ичинен” сүйлөшүп алдыбы, сыягы эркиндикте эле жүрөт. Ортодогу “миллиондогон иштерди” кантип жайгарды экен? Сокенин министри кезинде кожоюндарына каржылык жактан демөөрчү сыңарындай күңүрт демилгелерди жүзөгө ашырып, ортодон ишкерлерди ыйлатып, баалуу объектилерди, мүлктөрдү тартып алууга салым кошту беле? Бул суроолорго жооп берчү орган барбы? Же көмүскө ымдашуулар аркылуу чечилип атабы?
"Азия Ньюс" гезити