Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүнбек Өмүрзаков, ЖК депутаты: “Тынчтык, ынтымак болсо, бардык маселелер аста-секин чечилет”

Сүйүнбек Өмүрзаков, ЖК депутаты: “Тынчтык, ынтымак болсо, бардык маселелер аста-секин чечилет”

29-март, 20:09
453 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Сүйүнбек Абдылдаевич, сиз да азыр округда, шайлоочулар менен жолугушуп жүрсөңүз керек. Жолугушуу учурунда кандай көйгөйлөр көтөрүлүп жатат?
-- Көп эле көйгөйлүү маселелерди айтып жатышат. Алардын басымдуу бөлүгү социалдык маселелер: мектеп, бала бакча, жол, миграция жана турмуш-тиричилик менен байланыштуу. Дыйкан, фермерлер жер семирткич, үрөн боюнча маселе коюшту.
-- Аларды чечүү үчүн кандай иштер жасалышы керек деп ойлойсуз?
-- Аларды чечүү үчүн эң биринчи тынчтык керек. Тынчтык, туруктуулук, ынтымак, сабырдуулук болсо, бардык маселелер аста-секин чечилет. Элдин айтуусуна караганда, мамлекет тарабынан бир топ маселелер чечилип жатыптыр. “Рахмат өлкө башчысына, өкмөткө, социалдык маселелер мурдагыга салыштырмалуу чечилип жатат, пенсиялар, айлык маяналар көбөйдү. Бирок, баалар да өскөнүнөн улам, көбөйгөнү билинбей калууда” деп айтышты.
Бул көйгөйлөр көп жылдардан бери чогулгандыктан, албетте, баарын тез арада чечүүгө мүмкүн эмес. Бирок, негизги маселелердин баары акырындап ирети менен чечилет деп ойлойбуз.
"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер