Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Президенттин Түркияга иш сапары эң ийгиликтүү болоруна ишенем”

Бакыт Бакетаев: “Президенттин Түркияга иш сапары эң ийгиликтүү болоруна ишенем”

12-июнь, 13:54
1 098 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президенттин Түркияга иш сапары тууралуу сиздин божомолуңузду уксак? Жолугушуу кандай өтөт, андан эмнени күтсөк болот? 

-- Мен аны эгемендүүлүктүн 30 жылындагы баардык сапарлардын эң ийгиликтүүсү болот (!) деп ойлоп жатам. 

-- Эмнеге ишенимдүү айтып жатасыз? Буга чейин биздин лидерлердин Түркияга болгон сапарларынын көбү ийгиликсиз болгонбу? 

-- Анткени, 2006-жылы Садыр Жапаров Кыргызстан парламенти менен дүйнө мамлекеттери тарабынан өлкө катары кабыл алынбай келген Түндүк Кипр Түрк Республикасынын парламентинин ортосундагы достук тобун жетектеген. “Бул топтун жетекчиси болуп бер” деп мен дээрлик бардык депутаттарга кайрылгам, бирок бири да макул болбоду. Анда Европа, АКШ, Канада, Япония, Россия жана башка өлкөлөр менен болгон достук тобун жетектөөнү каалагандар көп эле. Садыр Жапаровго жолукканымда бул өлкөнү Түркиядан башка мамлекеттердин расмий кабыл алышпай турганын ачык айттым. Ал жакта Кипрди экиге бөлүү үчүн түрк-кипрликтер менен грек-кипрликтердин ортосунда согуш болгон. Ошондуктан, КР ТИМдин, президенттик администрацияннын колдоосуна үмүт артуунун кереги жок болчу. Анткени Кыргызстандын бул өлкө менен байланышы Греция жана башка чет өлкөлөрдүн каршылык нотасын жаратары бышык эле. А Жапаров кырдаалдын татаалдыгын түшүнгөнүн, бирок аны чечүү зарылдыгын айтып, достук тобун чогултуп, бул багытта иштөөгө даярдыгын билдирди. 

-- Президенттик администрация башынан эле бул топтун түзүлүшүнө тыюу салып койгон эмеспи? 

-- Ал убакта мен Жогорку Кеңештин спикери Усуп Мукамбаев аркылуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө жетишкем. Ага ылайык: 

а) парламенттик мамилелер бир гана парламент аркылуу жөнгө салынат, ага көзөмөлдүк кылуу президенттик администрациянын жана башка түзүмдөрдүн компетенциясына кирбейт; 

б) башка өлкөлөрдөгү Кыргызстан элчиси кызмат ордуна баардык талапкерлер КР Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинен дайындоодон өтүшү керек. 

Ошол эле жылы Жапаров бул чуулгандуу топко кирүүгө бир катар депутаттарды: Ахматбек Келдибековду, Камчыбек Ташиевди, Захид Бурхановду, Зиядин Жамалдиновду, Искендер Гаипкуловду, Марат Султановду, Улукбек Ормоновду макул кылды. Топтун жетекчиси Садыр Жапаров өзү болду. Мага Алматыдан Европа комиссиясынын Борбор Азиядагы өкүлү Адриан ван дер Меер келип, кыргыз парламенти дүйнө тарабынан таанылбаган өлкөгө барууга даярдык көрүп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Дипломатиянын тилинде “тынчсыздануу” деген сөз “бул силердин ишиңер эмес” дегенди түшүндүрөт. Ага карабай биз баарыбыз Түндүк Кипрге биринчи жолу ири парламенттик сапар менен бардык. 

 Биздин делегацияны Түндүк Кипрдин Түрк Республикасынын президенти Рауф Денкташ өзү тосуп алды. Түндүк Кипрдин тарыхында чоң масштабдагы алгачкы парламенттик делегация болду. Албетте, Батыш өлкөлөрү бул сапарды калпыстык катары кабыл алышты. 

Рауф Денкташ менен жолугушууда Жапаров ага кыргыздын бир эзелки баатырынын окуясын айтып берди. Баатыр согушта жеңилүүгө туш болуп, артка чегинет экен. Атка баласын учкаштырып кетип баратканда, капысынан эки буту кесилген инисинин канга чыланып жатканын көрүп калат. Инисин ала кетейин дейт, баласын учкаштырып алган. Уулуна “аттан түш” деп айта албай, ураан чакырып баштайт: “Бир атанын балдары бир атка мингиле!” деп. Уулу угуп, түшүнөт да, аттан секирип түшүп кетет. А баатыр согуш талаасынан инисин өңөрүп алып чыгат. “Сиздерди дүйнөнүн бир да өлкөсү кабыл албай жатат, бирок сиздер биздин бир тууганыбызсыңар, колубуздан келген жардамды беребиз” деди Садыр Нургожоевич. Рауф Денкташ айтылгандарга аябай таасирленди. 

Андан кийин Жапаров ага Кыргызстанга жооп иретиндеги расмий сапар менен барууну сунуштады. Борбор Азиядагы бир дагы өлкө дүйнө тааныбаган мамлекет менен эки тараптуу сапар уюштурууга батынбайт эле. 

 Сапардын жүрүшүн Түркия менен Түндүк Кипрдин ММКлары абдан кеңири чагылдырып турушту. 

 -- Бул биздин делегациянын жетекчилери тарабынан туура кадам болгонбу? 

-- Дипломат катары, албетте, биз калпыстык кылдык деп ойлойм. Делегациябыздын жана алардын бизге болгон жооп иретиндеги сапарынан кийин ТИМге ар кандай каршылык ноталарына жооп берип, абалды жакшыртуу үчүн көпкө аракеттенүүгө туура келди. Бирок, адам катары көйгөйлүү процесстерди жөнгө салуу жана консенсусту издөөдө баардык ыкмалар жакшы, анын ичинде элдик да, парламенттик да дипломатия керек. 

 Президенттин сапарынан алдында түрк тарап ошол убакты, Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен ар кандай санкциялардан, Европа саясый чөйрөсүнүн нааразычылыгын жаратуудан коркпой жасалган кадамды унута элек деп ойлойм. Бирок бул жөнөкөй гана адамдык мамиле болчу. Мен эртеби-кечпи бул аралда да тынчтык орной турганына ишенем, баардык согуштардын соңуна чыга турган күнү бар эмеспи. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер