Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нур-Султанда суу жок, жарык өчүп, эл нааразы

Нур-Султанда суу жок, жарык өчүп, эл нааразы

18-ноябрь, 11:54
627 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ таңкы саат 5:40тар чамасында Казакстандын Нур-Султан шаарында суу берүү түтүгүндө авария болгон. Тийиштүү кызматтар кечки саат 20:00дө калыбына келтиребиз дегени менен белгиленген убакытта иштер аяктабай калган.

Таңкы саат 5:40тар чамасында суу берүүчү түтүк жарылып, 20дан ашык көп кабаттуу үй суусуз калган. Суу менен камсыздаган "Астана Су Арнасы" ишканасы тургундарга водовоз менен суу жеткиргенин маалымдаган.

Шаар тургундары тийиштүү ишкана эч кандай суу алып келбей жатканын социалдык тармакка жазып, нааразычылыгын билдиришүүдө.

Эске салсак, 10-ноябрда  да түнкү саат экиде "Левобережная" көмөк чордонунда кабель күйүп кеткен. Анын кесепетинен жети турак жай комплекси менен 25 административдик имарат жарыксыз калып, тойлор өтүп жаткан кафе-ресторандар да токтогон. 

Нур-Султан шаарынын эли улам бир авария алардын жашоосуна, ишине тоскоолдук болуп, жатканын айтып нааразы болушууда.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер