Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 1-сентябрдан тарта мектептер кайрадан онлайн иштейби?

1-сентябрдан тарта мектептер кайрадан онлайн иштейби?

24-июль, 00:00
2 079 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгер 1-сентябрга карата педагогикалык курамдын 70 пайызы эмдөөдөн өтпөсө, мектептеги билим берүү онлайн-режимде башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда республиканын баардык мектептеринде жаңы окуу жылына карата даярдык жүрүп жатат.

"Мектептерде оңдоо иштери аткарылууда. Август айында педагогикалык кеңеш өтөт. Анда жергиликтүү бийлик жана саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте баардык көйгөйлүү маселелер каралат. Эгер жаңы окуу жылына карата калктын 70 пайызы эмдөөдөн өтүп калса, окуу кадимки режимде башталат. Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте "жашыл" жана "кызыл" зоналар боюнча иш алып барып жатабыз. Эгер көпчүлүк мугалимдер менен техникалык персонал вакцина албай калса, окуу онлайн-режимде башталышы ыктымал", — деди Абдылдаева.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эгер жамааттык иммунитет иштелип чыкса, 1-сентябрда мектептердин эшиги ачыларын айткан. Бул үчүн калктын 70 пайызы вакцина алышы керек.

Эске салсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу өткөн жылы кыргызстандык окуучулар аралыктан билим алышкан.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер