Эсенгул АЛИЕВ: “Усубалиевди каралагандар 100 жылдыгынын астында 180 градуска бурулушканына таңгалып атам”
-- Эсенгул ага, маекти улайлы, Тамчыдагы эл аралык аэропорттун курулуп калганына сиздин түздөн-түз тийешеңиз бар деп уккам. Ушул жөнүндө айта кетесизби?
-- Жарандык авиация министри, авиациянын башкы маршалы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Борис Бугаев келгенде Чолпон-Ата аэропортунан Турдакун Усубалиев болуп тосуп алдык. Бугаев биз менен учурашып эле “мындан бөлөк дагы аэропортуңар барбы, же ушул эле аэропортто өлкө башчыларын тососуңарбы?” деп сурады. “Башка жок, болгону ушул” деп жооп берди Усубалиев. Бугаев “өлкө башчыларын мындай аэропорттон тосууга болбойт, себеби самолёт тоону карай учуп барып конот тура. Тоону карай конгону келатканда ар кандай себептер менен конууга уруксат берилбей, кайра айланыш керек болсо, андай мүмкүнчүлүк жок экен, самолет түз тоого урунат, башка жерге которушуңар керек” дегендей пикирин айтты. Экөө сүйлөшүп, “башка ылайыктуу жер барбы?” деп Бугаев менден сурап калды. Усубалиев мени карады, мен токтолбостон “бар” дедим. Анткени Чоң-Сары-Ой менен “Тамчы” совхозунун ортосу ээн болчу. Турдакун Усубалиев “шаардан алыстык кылбайт, бардык жерде аэропорттор шаардан 40-50 чакырым алыс болот. Туура экен” деди. Ошентип “Тамчы” аэропорту курулуп калды.
-- Ошол кезде балыкчылардын муктаждыктары боюнча Турдакун Усубалиевич сизге кайрылганы чынбы?
-- Чын. Бир күнү кечке маал Усубалиев телефон чалып, “жолдош Алиев, мен эртең менентен бери көлдүн үстүндө кайык менен барып кайырмак салгандарды байкасам, жээкке чыгышпайт экен, булар табигый муктаждыктары боюнча кайда барышат?” деди. Турдакун Усубалиевич ошол жылы июлда отпускасын Чолпон-Атада атасы менен өткөргөн. Баса, Султан Ибраимовду да ошол жылы декабрда Ысык-Көлдө эс алууга көндүргөн. Мен “Турдакун Усубалиевич, муну билбептирмин, текшерип жооп берейин” дедим. Чындыгында алар ошол көлдүн ичине коё бере тургандыгын билчүмүн жана аны ошондой эле болуш керек деп эсептечүмүн. Ал эмес КП БКнын экинчи секретары Фомиченко балыкчыларды жанына алып, өзү баш болуп кечке балык кармачу. Бирок, аны кантип айтмак элем? Анан прокурор менен милициянын начальнигине болгон сөздү айтып, кечинде балыкчылар көлдөн чыкканда териштирүү тапшырмасын бердим. Алар 23 балыкчыны сурашыптыр. Жооп баягы биз ойлогондой – көлгө коё беришет. Мен болгонун болгондой айттым. Анан Усубалиев ошол отпускасы убагында Чолпон-Атада чоң жыйын өткөрүп, бүт министрлерди катыштырып, “жаш балдар көлгө түшкөндө көлдүн суусун ичип алып жатышат, андан тышкары, көп адамдар атайын көлдүн суусу менен тамагын чайкашат. Биздин көл деңиз эмес өзүнөн-өзү тазаланып тургудай. Биздин көл кичине, тазаланууга күчү жетпейт. Эгер тазалыкты сактабасак, көлдү сазга айландырып жок кылып алабыз” деп сүйлөдү. Дагы бир топ талкуулоо болуп, жыйынтыгында мындан ары кайырмак менен балык кармагандар жээктен гана кармоосу макулдашылды. Моторлуу кайыктарга тыюу салынып, жээкке чыгарылды.
-- Турдакун Усубалиев агабыз абдан кыраакы киши болгон экен. Майда-баратка чейин көңүл чордонунан кетип калчу эмес дешет. Көл жээгиндеги эс алуучу жайларды электр жылыткычына өткөргөнүнө да ушул киши себепкер болгон дешет?
-- Ошол жылы Усубалиев көлдө эс алып жүрүп, жээктен “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийи жактан узун түтүктөн чыгып жаткан түтүндү көрүп, менден ал откана кайсы уюмга тийешелүү экенин сурады. Мен «Кыргызсовпрофго» караштуу “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийиники экенин айтсам, «Кыргызсовпрофдун» төрагасы Эмилбек Абакировду чакыртты. Эмилбек Абакиров келип, жаңы откана курдуруп жатышканын, анын бүтөрүнө аз калганын айтты. “Электр менен жылытылабы?” деп сураса, көмүр жагыла турганын айтты. «Эмилбек Абакирович, биз СССРдин мампланынан көл боюндагы турмуш-тиричилик объектилерине электрди пайдаланууга уруксат алдык. Электр отканасын курдуруңуз. Министрлер Советинин санаторийин караңызчы, электрге котордук, таптаза, кенедей да түтүн жок» деди. Эмилбек Абакиров объект бүтүп калганын айтып, баш тартууга аракет кылды эле, Усубалиев макул болгон жок. Абакиров аргасыздан бүтүп калган откананын жабдууларын кайра монтаждатып, электр менен жылытылуучу жабдууларды койдурду. Демонтаж болгон жабдууларды Жети-Өгүз курортуна алдырып кетти, мен бир топ жылдан кийин ошол жабдууларды Жети-Өгүз курортуна бара жаткан капчыгайдын оозунан көрдүм. Кыскасы, Чолпон-Ата шаары санаторийлери менен дээрлик электрге өтүп, таза шаар болуп калды.
-- Теплоключенко айылындагы балдар санаторийи ошол кезде шарты начар эле дешет...
-- Бир күнү Усубалиев Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенко айылына барып келди. Анткени, ал жактагы балдар санаторийинин жогору жагында байбичеси курбусу менен эс алып жаткан. Санаторийди аралап өтүп баратып оорулуу балдарды көрөт, шарттары өтө начар. Анда ал жерге бүт союздан колу-буту кыймылдабаган, шал оорулуу балдар келип дарыланышчу.
Чолпон-Атага келип эле саламаттык сактоо министри Ойрот Тургунбаевди жана долбоорлоочуларды, курулушчуларды чакыртып, ошол капчыгайга көп кабаттуу санаторий курууга тапшырма берди. Кээси капчыгай өтө тардыгын, техниканы колдонууга мүмкүн эместигин айтышып, каршы болушту. Ошентип Усубалиевдин бир жолу үй-бүлөсүн көрүп келгенинин эсебинен ошол капчыгайга көп кабаттуу балдар санаторийи курулуп калды. Ал жерден чыккан суунун дарылыгы көлдүн тегерегиндеги минералдык суулардан (мен баардык суулардан ванна алып көрдүм) бөтөнчө. Аны ванна алган киши байкайт. Скважина 1936-жылы казылыптыр, чыгып аткан суунун үнү дүңгүрөп угулуп турат. Ошого окшош суу ошол капчыгайдын жогору жагында Алтын-Арашан деген жерде, экөөнүн дарылык таасири бирдей. Жакында телевизордон көрдүм, ошол Алтын-Арашанга жергиликтүү эл туристтерди жөө чыгарышып, ал жакка бозүйлөрдү тигип, эс алуу уюштурушуптур. Бул эң туура. Ак-Суу районунун тургундары кечкисин, демалыш күндөрү акча төлөп балдар санаторийинен ванна алышчу. Ошол суунун өзгөчөлүгүн билип, санаторийдин жогору жагына финский үйдөн экини бириктирип (1978-жылы облаткомдун эсебинен 47 миң сомго), обком, облаткомдун кызматкерлери жайкысын, демалыш күндөрү акчасын төлөп эс алышсын деп облаткомдун председатели Карыке Абдраев курдурган экен.
-- “Финский үй” деп калдыңыз, ошол үйдө Турдакун Усубалиев агабыз байбичеси Күлжаке менен эс алып... ушу боюнча арыз түшкөнү чынбы?
-- Ошол үйгө жайкысын бир-эки жылы Турдакун Усубалиевдин байбичеси Күлжаке Ниязалиевна бир-эки курбусу менен эс алып калат. КПСС БКга бул боюнча арыз түшөт. Бул 1985-жыл эле. КПСС БКдан киши келет. Аны Кыргызстан КП БКнын инспектору Аманкул Молдалиев санаторийге алып барат. Ошол текшерүү келген кезде мен Нарын облаткомунда иштеп, отпуска алып Чолпон-Атада эс алып жаткам. Москвадан Матен Сыдыков өкмөттүк байланыш телефонунан чалып, арыздын маанисин айтып, текшерүүчү баргыча документтерди тууралап койдуруумду айтты. Мен Ак-Суу райкомунун биринчи катчысы Жолоочу Турдубаевге телефон чалып, балдар санаторийинин башчысы Дыйканованы мага жиберүүсүн сурандым. Дыйкановага үй-бүлө эс алып жаткан номерден эмеректерди чыгарып салып, ордуна жөнөкөй эмерек коюп, ага оорулуу балдарга алыстан келген эне-аталардан чек кесип берип жаткырып коюусун, бул конок үй оорулуу балдарга келген кишилер үчүн салынган деп, 3-4 ата-энеге эмне деп айтышты үйрөтүп коюусун айтып кайра жөнөттүм.
Негизи арыз түшө электе эле мен Күлжаке Ниязалиевнага алар эс албаган мезгилде ишемби-жекшемби күндөрү обкомдун, облаткомдун кызматкерлерин акчасын төлөп эс алуусу туура болмогун айткам. Ал макул болуп, болгону алар жаткан эмеректерди алмаштырып коюуну суранган. Анан аны обкомдун биринчи секретары Абсамат Масалиевге айтсам, ал “жаман көрөт” деп макул болбой койгон. Эгерде облустун кызматкерлери да эс алып турганда, андай арыз түшмөк эмес.
-- Текшерүү кандай болгон?
-- Текшерүүнүн жүрүшүн кийин А.Молдалиевден уктум. Москвадан келген текшерүүчүдөн “элди аз жаткырып атыпсыңар” дегенден бөлөк сын болбоптур. Т.Усубалиев А.Молдалиевден “сиз бутуңуз менен арыштап, ысык суу сакталган чандарды, үйдүн тегерегин ченеп жүргөнүңүз чынбы?” деп сураптыр. Молдалиев “жөн эле ысык суу сакталган жерге басып баргам, аны башкача кылып ким айтып келген?” дейт. Кыскасы, кийин Усубалиевдин үстүнөн түзүлгөн 28 барак справкага (аны М.Шеримкулов түзгөн) Ак-Суудагы бул окуя боюнча ошол справканын негизинде кийин Усубалиев партиянын катарынан чыгарылып, көп жыл куугунтукта жүрбөдүбү? Кийин гана КПСС БКнын партиялык комитети анын партиядан негизсиз чыгарылганын аныктап, кайра калыбына келтирди.
-- Ошол кезде көлдөн ири өлчөмдө балык кармалчу беле?
-- Султан Ибраимовду атып кеткенден кийин мылтык менен аңчылык кылууга тыюу салынганда, көлдүн тегерегинен өткөн чоң жолдун астынан бардык пансионаттарда кыргоолдор көбөйүп, аларга аштоолорго жем салып коюп, көптүгүнөн чоң жолдо кыргоолдор машина менен тебелене баштады.
Анда көлдөн жылына 1300 тонна балык кармалчу, анын 900 тоннасы көлдүн өзүнүн чабагы. Чабакты тордон чыгарып териш үчүн киши жетишпей, катерди Чоң-Сары-Ой кыштагынын тушуна токтотушуп, кыштактын эли барып балыктарды терип бергени үчүн акысына кечинде бир чакадан (бир чакада 400 чабак) балык алышчу. Ал убакта балыктарды атайын өстүрүшчү. Караколдо балыктын икраларынан (икраны ала турган завод Тоңдо) балыкты чоңойтуп, өздөрү жашап кете турган маалга жеткирип, анан көлгө коё беришчү. Браконьерчилик менен катуу күрөш жүргөн. Форель икра таштай турган мезгилде бүт кайыктарга пломба салынып, кайтарууда турчу.
Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдө анын бири да жок. “Балыктарды судак, форель сыяктуу жырткыч балыктар жеп түгөтүшкөн” дешет. Ал жырткыч балыктар көлгө 1936-жылы эле коё берилген, 40 жыл унчукпай жүрүп, эми жеп атышкан имиш. Бул жөн гана жоопкерчиликтин жоктугу. Мисалы, көк чар (осман) деген көлдүн чабагына окшогон жергиликтүү балык таптакыр жоголду дешет, ошол эле убакта азыр Кара-Ой кыштагында ал сатылып жатат.
-- Эсенгул ага, 1977-жылы Финляндия президенти Ысык-Көлгө келген экен, балык кармаптыр. Ушу жөнүндө да токтоло кетсеңиз?
-- Анда СССРде социализмдин гүлдөп-өсүп, ошол кездеги термин менен айтканда “өнүккөн социализмге” кол созуп турган учур болчу. Ошол 1977-жылы бизге дос өлкө – СССРдин түндүктөгү кошунасы Финляндиянын президенти Урхо Калева Кекконен Чолпон-Ата шаарына келип эс алып кете турган болуп калат. Албетте, дароо айта кетсек, бул Москванын түздөн-түз көрсөтмөсү менен болду. Анткени Москвадан уруксатсыз Ысык-Көлгө чет элдиктер киргизилчү эмес. Ошентип мындай жогорку даражалуу конокту жогорку деңгээлде тосуу үчүн эки ай мурдатан кызуу даярдыктар көрүлө баштады. Анын кайсы тамакты жеп, кандай ичимдиктер менен суусундуктарды иче тургандыгына чейин аныкталып, аларды даярдоо жергиликтүү жетекчилерге тапшырылды. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети, анан албетте, биринчи секретарь Турдакун Усубалиев өзү баш болуп буга катуу даярдыктар көрүлдү. Кекконен кайырмак менен балык кармаганды жакшы көрө тургандыгы аныкталгандан кийин жергиликтүү балык кармоонун ышкыбоздору менен кеңешилип, кадырлуу коноктун алдында уят болуп калбагандай аракеттер көрүлдү. Жыйынтыгында, Кекконен балык кармай турган жерди аныктап, балыктарды азгыруу үчүн 10-15 кап буудай өндүрүлүп, атайын жем катары даярдалып, май айы болгондуктан жана ихтиологдордун айтуусу боюнча жылдын ушул мезгилинде форель балыгы 40 метрдей тереңдиктен чыкпай тургандыгы эске алынып, 40 метр тереңдикте көлгө чөгөрүлдү. Мындан тышкары, балыктар жемге келбей коюусунан чочулап, атайын даярдалган комбикормду да сууга салдык. Ал мезгилде Чолпон-Атада азыркыдай чоң теплоходдор да жок. Илимдер академиясынын балансындагы анча чоң эмес теплоход атайын ушул иш үчүн даярдалды. Ошондо да кокус Урхо Кекконендин кайырмагына бир да балык илинбей калса уят болбойлу деп, “запастык вариант” да каралды.
-- Кызык, ал эмне деген “запастык вариант”?
-- Теплоходдун эки капталына тең ушул иш-чара үчүн атайын тирүү балыктар үчүн тор курчалган клеткалар ширетилип бекитилип, камдалды. Ага алдын ала кармалган чоң-чоң балыктар салынып коюлду.
Анан мындай коноктор үчүн берилүүчү тамак-аштын түрлөрү алдын ала макулдашылып даярдалчу. Бул жагы да толук эске алынды. Акыры көптөн күткөн күн 21-май келип, Финляндиянын президенти Урхо Калева Кекконен республиканын дээрлик баардык жетекчилеринин коштоосунда келди. Андан тышкары, эки күндөн кийин чет элдик отуздан ашуун журналистти “Як-40” самолету менен эки саатка алып келип эс алдырып, тамак бергенден кийин кайра Фрунзеге алып кетишти. Мындайды көрбөгөн биздин жетекчилерге Финляндиядагы ар бир партиянын гезитинен бирден-экиден журналист делегацияга киргени менен түшүндүрүштү. Ошол жылы күзүндө Финляндияда президенттик шайлоолор болмок. Биздин болжолдообуз боюнча У.Кекконендин бул сапарынын ошол шайлоолорго да тийешеси болгондой. Анткени СССРдин жетекчилиги анын президенттикке кайра шайланышына кызыкдар болсо керек. А Кекконендин өзү андан бетер бул сапарга кызыкдар эле. Анын да себеби, азыркы көз караштан алганда эң жөнөкөй, чет өлкөлөрдө шайлоочулар шайлануучу кандидаттын ден соолугуна абдан кызыгышат. Деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктиктеги көлдөн балык кармап жаткан кишинин ден соолугунун чыңдыгынан бир дагы финн шайлоочу шек санай алмак эмес. Бул кандидат үчүн эң сонун реклама болуп бермек.
-- Өтө узартып ийдиңиз, балык уулоого келиңиз...
-- Биздин жасаган иштерибиз үзүрүн берип, Кекконен кайырмакты ыргытканда эле чоң балык илинип жатпайбы! Мындан соң ышкысы күчөп, Кекконен балык менен кайра-кайра сүрөткө да түшүп жатты. Кийин ошол сүрөттөр Финляндиядагы нускасы чоң журналдарга чыкканын айтып жүрүшөт. Андан тышкары, ал сүрөттөр шайлоо алдындагы үгүт плакаттары катары да илиниптир. Баса, кийин укканыбыздай, ошондо Ысык-Көлдөн “кармаган” 700 килограммдай балыгын Кекконен Финляндияга ала кетиптир жана ар бир партиянын лидерлерине белек кылыптыр. Мындан сырткары, мындай жогорку мартабалуу конок үчүн Чолпон-Атанын ат майданында улуттук ат оюндары көрсөтүлдү. Мисалы, жорго салышта Ысык-Көл районунан 79 жаштагы карыянын жорго салдырып байге алганын көрүп, Кекконен абдан ыраазы болду. Баса, ал өзү да ошондо 77 жашта экен.
-- Кекконендин шайлоо шарапаты кандай болуптур?
-- Кийин күзүндөгү шайлоолордо кайрадан президенттикке шайланды. Президенттик жарышта биздин жергебизге келип балык кармаганы да абдан чоң кошумча болду окшойт...
-- Эсенгул ага, сизди чарчаттым окшойт. Ушуну менен токтойлу. Не дедиңиз?
-- Эми чынын айтсам, Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата ар ким ар кандай сөздөрдү айтып атат. Бирөөлөр убагында каралап, жамандап, артынан туура эмес ушак айыңдарды тараткан. Азыр ошол эле кишилер сүттөн ак болуп чыга келип, “мен минткем, мен тигинткем. Усубалиев жакшы киши болчу” дешип 180 градуска бурулуп аткандарына таңгалам. Болгон нерсени болгондой айтпай жатышат. Кээ бири быякта туруп алып эле бирдеме деп атышат, жанды кашайтып. А мен сага болгонун болгондой айттым. Жадагалса ошол адамдар Турдакун Усубалиевичтин 96 жашын куттуктап барышкан эмес. Аны окурмандар өздөрү териштирип алаар...
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ