Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көздөрүмө ишене албадым, “кыз” деп алдырып жаткан түйүлдүк эркек бала экен...

Көздөрүмө ишене албадым, “кыз” деп алдырып жаткан түйүлдүк эркек бала экен...

30-март, 17:26
930 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Болгон окуя)

Өтө кызыктуу тарбиялык мааниси бар постторду окурмандарга тартуулап жүргөн Сулайман ажы дагы бир окуяны баяндады.

Бул окуяны гинеколог өз оозу менен айтып бергени жана жашообузда болуп өткөндүгүн баса белгилемекчибиз. Гинеколог аял сөзүн ушундай баштады: 

“Кесибим гинеколог болгон үчүн аялдарга акушердик кылуудан тышкары, аборт менен да шугулданат элем. Күндөрдүн биринде ооруканада нөөмөттө элем. Бөлмөмө орто жаштагы эрди-катын кирип келишти, көрүнүшүнөн абдан бай үй-бүлө экени көрүнүп турат эле. Алар бир зарыл өтүнүч менен келишкенин айтышты. Мен “кандай өтүнүч экен?” десем, аялы “бойдон алдырышым керек” деди. Аялдын көрүнүшүнөн түйүлдүк 4-5 айлыкка жетип калган. Мен башында макул болбодум. УЗИ аппаратында текшерсем, мен айткандай, түйүлдүк 5 айлык болуптур. Мен аларга түйүлдүк кыйла чоңоюп калганын жана үч айдан кийин түйүлдүктү алдырып салууга болбой турганын айтып, аларды бул пикирлеринен кайтарууга аракет кылдым. Бирок эрди-катын менин сөздөрүмдү түшүнгүсү да келбеди. Алардын төрт кызы бар экен. Аял кош бойлуу болгондон бери көп жолу текшерүү аппараттарына түшүп, бардыгында тең “боюңдагы түйүлдүк кыз бала” деп айтышыптыр. Негизи түйүлдүктүн үч айлык маалында жынысын анык билсе болот. Булар болсо текшерүүдөн-текшерүүдө жүрө беришип, түйүлдүк беш айлык болуп калганын байкабай да калышкан. Күйөөсү болсо дагы кыз көрүп, “беш кызы бар” деген сөздөн намыстанам, кантип баш көтөрүп жүрөм?” деп мага көп акча убада кылды. Мен бир аз ойлонуп калдым да, аларга айткан сөздөрүмдүн пайдасы болбогонун түшүндүм. Напсимди башкара албай, аборт кылууга макул болдум. Бардык даярдыктардан кийин мен аялды аборт кыла баштадым. Түйүлдүк чоң болуп калган себептүү, баланы бөлүп-бөлүп чыгарып алууга аракет кылдым. Аборт абдан кыйын өттү. Мен канчалык кыйналсам, аял менден да катуурак кыйналды. Ошол учурда күтүлбөгөн нерсе болду. Баланын белинен ылдыйкы бөлүгү бүтүн абалда түштү. Көздөрүмө ишене албадым, түйүлдүк эркек бала экен. Колдорум титиреп, ичимди муздак суу каптагандай, ордумда катып калдым. Бир аздан кийин аялга түйүлдүктү көрсөттүм. Ал үнүнүн барынча катуу бакырып жиберди. Муну уккан күйөөсү өзүн коёрго жер таппай калды. 

Бул окуядан кийин мен ооруканага көпкө чейин бара албадым, колум ишке барган жок. Канчалык заманбап техника болсо да, түйүлдүктүн эркек же кыз экендигин так айтып бере албайт экен жана бул нерсе Аллахка гана таандык экенин түшүндүм. Башка аборт кылбоого өзүмө сөз бердим”.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер