Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алиясбек Алымкулов: “Биз 7-апрелде Манас атабыздай эле эрдикти көргөздүк”

Алиясбек Алымкулов: “Биз 7-апрелде Манас атабыздай эле эрдикти көргөздүк”

07-апрель, 15:08
2 768 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көз ачып жумгуча эле 10 жыл өтүп кетти. Андагы 2010-жыл, 7-апрель окуясына күбө болуп, “Апрель баатырлары” атангандардын арасынан өзгөчө орду бар, Жараткандын жалгоосу менен аман калган биздин каарманыбыз, КР Эл баатыры Алиясбек Алымкуловду кимдер гана билбейт? 


--Алиясбек мырза, 2010-жыл, 7-апрелдеги аман калууңузга кимдин жардамдары тийген? Деги эле ошол күндү эстегенде кандайойлор келет?  


--2010-жылдагы 7-апрелде болгон окуяларды мүмкүн болушунча азыраак эстегенге аракет кылам, көз алдыма келе калган кадрлар денемди дүркүрөтөт. Себеби, эмне деген эр азаматтарыбыз шейит кетип, канча деген апалардын жүрөгү сыздап, канча деген аталарды кайгы басып, көптөгөн аялзаты түбөлүк жолдошторунан айрылып, эчендеген наристе өспүрүм балдар-кыздарыбыз жетим калышты. Күнү бүгүн дагы баатырлардын катары суюлуп, күндөн күнгө азайып бара жатат.     

Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң кайгылуу жана трагедиялуу тарых барактарына айланып калды. Ошол тарыхый болуп өткөн окуянын күбөсү катары ал күндөрдү эстөө мен үчүн өтө оор.

Мамлекетибизде болуп өткөн бул ыңкылап, биз жашап жаткан аймакта канча деген улуу элдер доор сүрүп, улуу империяларды түзүп, бирок тарыхта аты калса да, заты калбай чыйыр жол салган изи жок, эл катары түптөлүп сакталып калбастан, тарыхтын агымында агылып жок болуп кете берди. Ал эми кыргыз эли эчендеген замандарды башынан кечирип, көптөгөн тарыхый жолунда тайгак ашууларды ашып, кээде жок эсе болуп, кайрадан жаралып бар болуп, уучу куру эмес, уюткулуу эл болуп, Жараткандын ырайымы менен сакталып келе жатканыбыз далай башка улуу элдерди таң калтырганы жөн эмес болсо керек. Ошондой оор мезгилдерде табият бизге кыргыздап ураан чакырган, улуу дөөлөт түзө алган, ордосуна туу сайып, журтун улуулукка чакырган, бир байрактын алдында кырк урууну бириктирип, дүйнөгө дүң салган, баатырлыктын, акылмандыктын, кеменгерликтин, көрөгөчтүктүн, айкөлдүктүн үлгүлөрүн көргөзө алган айкөл хан, эр Манас атабыздай, кырк чоросундай, Бакай атадай даанышмандык, кан Кошойдой эрдикти көргөзө алган эчендеген мыкты улуу инсандар болгон үчүн биз эл болуп сакталып келсек керек.      

Айкөл хан Манас атабыз чоң казатка чыкканда журтубуз кандай ынтымакка, биримдикке келип, бир муштумдай түйүлүп, душманга атылган октой тийген болсо, 7-апрель күнү дагы асылзат элибиз ынтымака келип, биригип, зулум бийликти кулатууда өзгөчө эрдикти көргөзө алды. Биздин жеңиш болгон. Бири-бирине камкордугу кийинки муунга үлгү болгондой эле болду. Ошондой элибизден чыккан мыкты эр азаматтарыбыздын жардамы менен жөнөкөй эле ак халатчандардын эмгеги, чексиз мээримдүү, ченемсиз ырайымдуу Алланын амири менен ушундай оор, жашап кетүүгө мүмкүн болбогон жаракаттан кийин аман калышым көпчүлүк үчүн жомоктой угулуп, сезилип, табияттын бир сырдуу керемети болуп кала берди. 

Албетте, канча деген адамдарды дарылап, жаны кыйналып ыйлап келген жарадарлардын жүзүнө жылмаюу тартуулаган даарыгерлерге мамлекеттик сыйлыктардын ыйгарылышына себепкер боло алганым кубандырат. Ыраазычылык иретинде ал ооруканалар ак халатчандардын иштөөсүнө толук кандуу шарттарды түзүп, ылайыкташтыра алганыма аябай сүйүнөм. Ак халатчандардын талбас эмгегине таазим! 


--7-апрелдеги окуя сиз үчүн эмнеси менен баалуу? Аны кийин чоң ата болуп калганда небере-чөбөрөлөргө эмне деп айтар элеңиз?


--Апрель элдик ыңкылабына келечек муун өз баасын берээр. Мезгилинде Кытайдын улуу реформатору Франция мамлекетине иш сапарына барганда, “Сиз улуу француз революциясына кандай баа бересиз?” деп массалык маалымат өкүлдөрү суроо берген экен, ошондо Дэн Сяопин “француз улуу революциясына азыркы учурда кандайдыр бир баа берүүгө эртелик кылат” деп жооп узатат. Менин түшүнүгүмдө Кыргызстандын жаңы тарыхында өзгөрүшкө алып келген, өз орду бар өзөктүү окуядан туура сабак алып, шейит кеткен эр азаматтардын арбагы ыраазы болуп, алардын аракети кыргыз тарыхында кумга сиңген суудай болуп жок болуп кетпей, туура жыйынтык чыгарып, өнүккөн күчтүү, калыс, элинин жыргалчылыгына багытталган мамлекетти кура алсак, биздин неберелерге, кийинки муунга, албан эмгектин аркасы менен калтырган мурасыбыз ошол болсо керек.


--“Кыргыз Эл Баатыры” наамы төшүңүздө жаркырап турганда кандай сезимдер жүрөгүңүздү толкундантат?


--Чындыгында “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наамы -- Аксы окуясына катышкан жана шейит кеткен, ошондой эле 24-март окуясына катышкан жана ийгилике жетишип, жеңишин уурдатып жиберген, 7-апрелде жалпы катышкан эр азаматтар жана мамлекеттин келечеги үчүн колунда куралы жок көкүрөгүн окко тосуп шейит кеткендерге берилген наам. Менде бул наамдын ат көтөргүс жоопкерчилиги бар. Калган жашоомдо жаңылбай жазбай, адашып калбай, туура жашап, ак эмгек кылып, ар дайым кийинки муунга үлгү болгудай болуп жашап өтүү вазийпасы турат.


Сурат Жылкычиев

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер