Алмазбек Акматалиев: “Уюшкан кылмышкерлерге “Ташиевдин бекер квартиралары” бар”


-- Алмазбек мырза, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн таасири чоң экени бир канча ирет чет элдик басылмаларга жазылып, сынга кабылып келет. Эгерде бийлик криминалга көз каранды болбосо, инвестиция тартууга, туризмди өнүктүрүүгө эбегейсиз шарттар түзүлөт беле?
-- Мен андай чет өлкөлүк басылмаларга ишенбейм. Инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүүнүн факторлору, себептери өтө көп, анын кайсы бирин айтайын... Экинчиден, учурда биздин өлкөдө криминалга катуу сокку урулуп жаткан кез. Ага баарыбыз күбө болуп келебиз.
-- Сиздин оюңузча, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш катуу жүрүп жатабы?
-- Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш күчөгөндөй сезилүүдө. Себеби, коррупция да бул уюшулган кылмыштуу топ да, чынын айтканда. Болгондо да бул бийлик өкүлдөрү, "чоңдор" аралашкан топтор. Бүгүнкү күндө мындай уюшмаларга чын эле катуу сокку урулуп жатат. Кылмыш жасашып, "Ташиевдин бекер квартираларына" кармалышып, анан барып кордук көрүү мүмкүнчүлүгү аткаминерлерди кадимкидей аралап жүрөт да. Эң туура ыкма эле ушул: кылмышкер түрмөдө отуруш керек! Башка жол жок. Өзүбүз көрүп атабыз, миллиарддаган каражаттар казынага кайтарылып, ири коррупционерлер мүлктөрүнөн ажырашып, экинчи бийликке келүү мүмкүнчүлүктөрүнөн куржалак калышууда...
-- А диний экстремизм жана радикализм коркунучу бизде барбы?
-- “Диний экстремизм да күчөп кетти” деген пикирге мен кошула албайм. Албетте, диний экстремизм жана радикализм коркунучу бар, мурда да болгон, келечекте да боло берет. Каалайбызбы, же жокпу, демократиялык мамлекеттин бир коркунучу ушул. Себеби, биз дин эркиндигин туткан, сыйлаган өлкөбүз. Эркиндикти болсо баары эле туура пайдалана албайт тура. Мээси айланып, аша чаап кеткендер болушу мүмкүн. Ага каршы турчу мамлекет, күч органдары, коомчулук, дин эркиндигин туура түшүнгөн муфтият, дин комиссиясы турат.
-- Ушундай коркунучтар качан жок болот дейм да?
-- Коом – бул күрөш, карама-каршылык, баалуулуктар таймашы аркылуу өнүгүп-өсө турган "живой" организм. Аша чапкандар, “курулай үстөмдүк кылам, тартып алам, зордуктайм” дегендер коомдо пайда болгону үчүн тарыхта “мамлекет” деген институт пайда болгон да. Анан мамлекет эрежелерди киргизген. Ар бир жаран ошол эрежелерди сакташ керек! Болду, бул маселени обу жок татаалдаштырыштын кереги жок! Бетти тытып, жамбашты чапкылап, өңгүрөп ыйлап, "бандиттер басып кетти" деген абалда эмеспиз, Кудайга шүгүр!
Өкмөт, мамлекет күчтүү болсо гана бандиттер "көчүгүн" кысат! Бийлик кичине эле бошоңдосо, тиги "каралар" ийининен акырын чыгышып, башкара башташат эмеспи. Муну көп жолу көрдүк го...











