Аширходжаев сыяктуу бир топ кызматкерлер Кой-Таш коогалаңы боюнча соттолушабы?

Акыйкат акыры чыгат. Кой-Таш коогалаңы боюнча тергөөнү Эркебек Аширходжаев убагында “фальсификациялап”, мыйзамды тебелеп, элдин укугун талкалады беле? Бул боюнча олуттуу аргументтер бар экени, адилеттүү сот отуруму болгондо баары ачыкталары каңкууланды. Сокенин, Алмамбет Салиевдин буйруктарын аткарган Аширходжаев жана башка орган кызматкерлери ашынып кетишкени, алар койташтыктарды, арашандыктарды, дегеле чүйлүктөрдү сындырууга аракет кылышканы, тилекке каршы, караламан калк кайрадан чыйралып, чындык үчүн катуу турушары айтылууда. Убагы келгенде Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаевдер жазага тартылары, алар менен кошо Аширходжаев сыяктуу бир топ күч органдарынын буйрук аткарган “союлдары” соттолору болжонууда. Элди кордогондор акыры жоопкерчиликке тартылышы керек.
"Азия Ньюс" гезити