“Биримдик” №1. Жамангулов: “Чын жүрөктөн «Биримдикке» добуш берүүгө чакырам”

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Акылбек Жамангулов Чүй облусунун Алмалуу айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө талапкер «Биримдик» партиясынын программасы менен идеологиясын чечмелеп айтып берди. Партиянын эӊ башкы максаты – калктын жашоо-турмушун жакшыртуу, социалдык адилеттүүлүктү орнотуу жана атамекендик өндүрүштү колдоо экендигин баса белгиледи.
«Пандемиянын учурунда Кыргызстандын калкы биримдик менен ынтымакты дүйнөгө жар салды. Биримдик менен биз бардык койгон максаттарыбызды ишке ашырабыз» деди ал. Өз сөзүн андан ары улаган Акылбек Жамангулов алдыда абдан көп иштер турганын айтып, алдыга койгон максаттардын бардыгын ишке ашыруу үчүн элдин колдоосу керек экендигин баса белгиледи. «Алдыда бизди масштабдуу иштер күтүп турат. Жаӊы мектептерди, бала бакчаларды куруу, медицина мекемелерин моденизациялоо жана ФАПтарды ишке берүү, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын санариптештирүү зарылдыгы турат» деп айтты талапкер.
Акылбек Жамангулов өз сөзүн жыйынтыктап жатып, жылуу кабыл алган Алмалуу айылынын тургундарына ыраазычылык билдирип: “Урматтуу алмалуулуктар, биздин партияга ишенип колдоп жатканыӊыздарга тереӊ ыраазымын! 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстандын мындан аркы тагдыры аныкталат. Ошондуктан, эӊ эле чечкиндүү долбоорлорду ишке ашырууну максат кылып жаткан «Биримдик» партиясына чын жүрөктөн добуш берүүгө чакырам”
«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.