Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ымыркай саткандар кармалышты

Ымыркай саткандар кармалышты

30-ноябрь, 15:35
1 051 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россияда Кыргызстандын үч жараны ымыркайды сатууга шектелип кармалды. 

22 жаштагы Кыргызстандык келин уурдалган наристе тууралуу арыз менен Россиянын полициясына кайрылган. Ал интернет аркылуу кыргызстандык үй-бүлө менен былтыр, октябрда таанышканын, алар жаңы төрөлгөн баласын багып алып, жашырынып жүргөнү жазылган. Алар менен жаш келин ушул жылдын августунда толгоосу башталганда, эмне кылаарын билбей, октябрда таанышкан үй-бүлөгө байланышкан. Алар медициналык тез жардам кызматын чакырбоону сунуштап, төрөтканага өздөрү жеткиришет. Аман-эсен көз жарып, уулдуу болот. Бирок, төрөттөн кыйналып, абалы оорлоп калгандыктан, эки жума ооруканага жатып калат. Баласын төрөтканага жеткирген жубайларга берип, чыккандан кийин алаарын айткан. Ооруканадан чыккандан кийин, ал ишенген адамдары ымыркайды өздөрүнө каттатып алышканын, баланы багууга алы жетпей турганын айтып, жолго салышкан.

Полиция экинчи тараптын маалыматын укканда, алар жаш келин баласын багуудан баш тарткандыктан, багып алышканын, ага 150 миң рубль беришкенин айтышкан. Жыйынтыгында, ымыркайды алып-сатуу фактысы катталып, үчөөнө тең кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер