Калпактын баркын өзүбүз эле түшүрүп, тебелеп келебиз...


Кыргызстанда жыл сайын 5-март күнү ак калпак күнү белгиленип келет. Быйыл да белгиленди. Бул жагынан кеп жок. Андан бери эки жума өтпөгөн убакта калпакты унуттук. Бу баш кийимдин баркын азыр да анча баалабай келерибизди моюнга алалы. Тебелегендей мамиле жасайбыз. Мына ушу жөнүндө учкай кеп козгогону турам.
“Бабабыз кийген ак калпак, баркына жетип жүрөлү” деген сонун сөз бар. Ооба, баркына жетип жүрөлү, бурадар. Акыркы кезде “алыш-беришке” делип, базарда эптеп эле кытайдын синтетикасынан, картонунан тигилип, оюу салынган, баасы 200-300 сомдон ашпаган калпактардын күнү болуп калды. Мындайларга аёосуз тыюу салынса дейт элем. Нак кийизден жасалып, баасы бери дегенде 1000 сомдон жогору турган калпактар сатыкка коюлса жаман болбос эле. Жанагы кытайдын синтетикасынан чампаланган жөн эле “калпак” деген аты болуп, затына жараша баркы да төмөндөөдө.
Кыргызда той көп: бешик той, тушоо той, сүннөт той, үйлөнүү той, андан кийин юбилейлер, кызмат майламай, ж.б. Анан эле кытайдын калпагын көтөрүп чаап барып калышат. “Калпак кийгизди” аты кылып, той ээсинин башына шаша-буша кондуруп качат. Сырттан караган адамга өтө копол көрүнүш. Калпак алпарсаң, жогоруда айтылган нак кийизден, колунан көөрү төгүлгөн уз адамдан алган, баасы 1000 сомдон жогору калпакты той ээсине шашпай, көркөмдөп кийгиз, алды-арты, капталы, баары жарашыктуу болсун. Кээ бир учурда калпакты кимге гана кийгизбедик: кыздарга, түлкү бышкан койдун башына, жетелеген итке кийгизип жанды ачытты. Анысы аз келгенсип, баш кийимди башка улуттун өкүлдөрүнө да кийгизип атабыз. Мына ушундай нерсени кан буугандай токтотолу, бурадар. Кыргыз качан баш кийимге ушундай мамиле кылчу эле? Кыргыздын ак калпагынын касиетин жоготпойлу, бапестейли! Болду эми, майда-чүйдөлөрүн айтпай тек коёлу...











