Зеленский Байден менен жолугушуу үчүн Вашингтонго учуп кетти
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуу үчүн 21-декабрда Вашингтонго учуп кетти. Бул тууралуу CNN телеканалы эки булакка таянып билдирди.
CNN билдиргендей, Зеленский Байден менен жолугуп, Patriot ракеталык системаларын камтыган жаңы аскердик жардам пакетин талкуулоону пландаштырууда. Вашингтонго боло турган иш сапары учурунда ал Конгрессте да сөз сүйлөй алат.
Буга чейин Ак үй Зеленскийдин ыктымал сапары тууралуу маалыматка комментарий берүүдөн баш тарткан. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Украинанын президенти Капитолийге 21-декабрда келет деген маалыматты тастыктаган жок.
«Биз азырынча билбейбиз», - деди ал.
Маалымат каражаттары ошондой эле Капитолий Украинанын президентин конгресстин шаршемби күнкү отурумунда кабыл алууга камданып жатканын кабарлады.
24-февралдан бери Владимир Зеленский Украинанын аймагынан чыга элек.