Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чындык убактылуу көмүлүп... Бирок Жылдыз Жолдошованын аброю көтөрүлдү

Чындык убактылуу көмүлүп... Бирок Жылдыз Жолдошованын аброю көтөрүлдү

18-декабрь, 22:49
1 184 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

БШКнын алгачкы көрсөтмөсүндө Жылдыз Жолдошова №8 округдан жеңишке жеткен. Тилекке каршы, кийин ар кандай айла-амалдар менен добушу азайтылып, мандат берилбей калганы кандай? Бул боюнча Жылдыз айым Фейсбук баракчасы, ЖМКлар аркылуу өз чындыгын чагылдырып, татыктуу түрдө утканын ачыктаган. Башка жактан добуш сатып алууну анын округуна чаптаганын фактылар менен көрсөтүп берсе да, БШК каалагандай чечимин чыгарып койду. Тынчтык Шайназаров БШКнын төрагасы болуп туруп, жакын карындашы Нуржамал Торобековага мандат тапшырганы шек жаратып, коомчулукта сын-пикирлерди курчутту. Натыйжада, кайдагы таза шайлоону айтабыз? 

А көпчүлүк катмар Жылдыз Жолдошованын жеңишке жеткенин, ага карата бут тосулганын билдирип жатышты. Көз карандысыз журналисттер, блогерлер жана соцтармактагы интернет колдонуучулардын көпчүлүгү акыйкатсыздык орун алганын ачыкташканын кантип жашырабыз? Чындык убактылуу түрдө жасалма жолдо көмүлүшү мүмкүн, бирок мезгил, тарых баарын өз ордуна коёт.

Ток этерине келсек, Жылдыз Жолдошова мандат албаса да, калың кыргыз катмарында кадыр-баркы бийик экенин көрдүк. Ушундан өткөн бакыт барбы? Кудайдын көзү түз болсо, күрөш муну менен эле бүтүп калбастыр...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер