Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: “Садыр Жапаров саясый феномен”

Адил Турдукулов: “Садыр Жапаров саясый феномен”

26-март, 12:42
1 449 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адил мырза, 11-апрелде Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат эмеспи. Элдин маанайы кандай? Колдойбу?   

-- Колдойт, анткени элдин көбү жылдын башында Садыр Жапаров менен кошо ал сунуштаган президенттик башкарууну тандап берген. Анткени Жапаровдун сөзүнө ишеништи. Элдин акыркы үмүтү ага жүктөлдү. Жаңы бийлик персоналдык жоопкерчиликти өз мойнуна алганы жакшы дечи, бирок бул процессти тездетпеш керек эле. Биз конституциялык реформага сөзсүз барышыбыз керек, бирок бул демилгени азыркы легитимсиз “чимкирик” ЖК баштаганга мыйзам боюнча болбойт болчу. Ошондуктан, бул ишке жаңы курамдагы легитимдүү парламент киришсе туура болмок. Кантсе дагы бүт саясый реформалар ушуну менен бүтүп, экономикага көңүл бурулса (!) деген тилек.

-- Жаңы Конституцияга айрым саясый күчтөр, бейөкмөт уюмдары байма-бай сын-пикирлерин айтып келишет. Биз чын эле “ханституцияны” кабыл алганы жатабызбы, же элге иштеген Башмыйзамды орнотобузбу?

-- Биздин президенттер эч качан Конституцияга таянып башкарган эмес. Буга чейин деле парламентаризмдин жыты да жок болчу. Бизди башкарып келген “илита” “парламентаризм” деп элди алдап, анын ордуна башаламан, эч ким элдин алдында жооп бербеген, маңка, коррупциялык система түзүп кетишти. Садыр Жапаров эгерде кааласа Конституцияны өзгөртпөй деле хандык башкаруу жүргүзүп келмек болчу. Антпеди. Бирок мындай шашылыш кадам жакынкы келечекте Конституцияны дагы өзгөртүүгө жол ачат.

-- “Азаттык” радиосуна президент Садыр Жапаров интервью берип, АКШнын Кыргызстанга карата жүргүзүп жаткан кас саясатын сынга алды. Өлкөбүздүн ички ишине кийлигишип атканы жашыруун эмес. Ошондо АКШ кош стандарттуу оюн жүргүзүп, эгемендүүлүгүбүзгө чейин шек келтирип аткан жокпу? 

-- Кыргызстан 30 жылдан бери бүт үлкөн державалардын саясый полигону болуп келе жатат. Буга себеп, бизди башкарган элита улуттук кызыкчылыкты ойлобойт. Бирок державалар биздин аймакта канча тирешсе дагы, алардын каалоосун бириктирген бир нерсе бар – Кыргызстанда граждандык согуш чыгып кетпесин (!) деген максат. Анткени бизде чыр-чатак чыкса, ал Борбор Азия аймагында дагы ар кандай кандуу, Сирия, Йеменге окшош окуяларга себеп болушу мүмкүн. Буга эч ким кызыкдар эмес. Эң оболу, биз ошону эстен чыгарбашыбыз керек. Бирок ошого түрткү берген наркотрафик, аткезчилик, чек арадагы тирешүү маселесин өзүбүз чечмейинче, башка өлкөлөр бул иштерге кийлигише беришет. Анткени бул нерсе аймактагы ресурстарды кайра бөлүштүрүүгө, бейстабилдүүлүккө жол ачат. 

-- Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда тышкы күчтөрдүн таасири жана басымы күчөп баратабы? Мисалы, биздеги бейөкмөтчүлөр, сырттан каржыланган маалымат булактары туруктуулукту бузууга канчалык деңгээлде дараметтүү? 

-- Кыргызстанда үч төңкөрүш болду. Аны эл жасады. Сырткы күчтөр буга кыйыр түрдө гана таасир эте алат. Чынында күчтүү, накта улуттук жарандык коом – туруктуу экономика, өнүккөн орто бизнес, жоопкерчиликтүү элита бар жерде гана боло алат. 

-- Оппоненттери тарабынан Садыр Жапаровдун саясый рейтинги түшүп баратканы айтыла баштады. Эмнелер себеп болууда? Бул жагынан кандай сунуштарың бар?

-- Мен акыркы айларда аймактарды аралап жүрөм. Чынында ал жерде Садыр Жапаровго ишеним дагы да жогору. Биз бир ууч соцтармактын колдонуучуларынын терс маанайы менен президенттин рейтингин өлчөбөшүбүз керек. Анткени Садыр Жапаров саясый феномен. Коронавирус илдетинин айынан социалдык депрессия каптаган элге чоң ишеним жаратты. Айткан сөзү бийик, убадасы да кенен. Кээ бирөөлөр “популист” деп сыпаттап жатышат. Мен буга кошулбайм, анткени улуттун лидеринин башкы милдети – бир өлкөнүн астында амбициялуу максаттарды коюу. Ошону менен элдин сезимин ойготуу. Анткени чоң максаттар болбосо, мамлекет сазга бата берет. Эл Садыр Жапаровду сыйкырдуу жол менен туңгуюктан кандай алып чыкса, ал да мамлекетти ошондой абалдан чыгарарына ишенип жатышат. Чынында Садыр Жапаров кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштесе, ниети таза болсо, ага карата кандай гана каршылаштар топтолбосун, алардын планы ишке ашпайт. Жарым жылга жетпей алгылыктуу оң кадамдар жасалды деп эсептейм. Ал мурунку президентке резиденцияга жашынбай саясый күчтөр менен кайым айтышса, ачык диалог түзгөнгө аракет кылганы кубандырат. Өзгөчө тышкы саясатта коңшу мамлекеттер менен мамилени турукташтырып саясат жүргүзгөнү да колго аларлык. Россия, Кытай лидерлери менен сүйлөшкөнү да ага ишеним пайда болгонунун белгиси. Досу Ташиев менен кошо коррупцияга каршы күрөшүү ишин баштады. Ар жума сайын олигархтардын камалышы элдин купулуна толуп турат. Бирок ошол чыныгы коррупциялык схемалар бузулабы же бузулбайбы, бул дагы деле суроо бойдон калууда. Аймактык балансты түзүүгө аракет жасаганы жакшы иш. Шайлоого кийлигишкен жок. Ким кааласа катышып жатат, өз партиясын катыштырган жок. Митингдерге чектөө болбоду, жалпысынан журналисттерге да эркиндик бар. Эми жергиликтүү бийликтин өз күчүнө таянып, өз саясатын жүргүзгөнгө шарт ачып берсе жакшы болот эле. 

-- Айтмакчы, Садыр Жапаровду колдогон “дакансалары” калбай баратканын айтышып, жалпы элдин маанайы да өзгөрүлөрүн божомолдошууда. Кайрадан төңкөрүштү эңсеген саясый күчтөрдү деле байкап атабыз... Кризиске бара турган жолдун эң башкы себептери – өлкөдөгү жакырчылык, жумушсуздук, кымбатчылыкпы? Деги эле экономиканы көтөрүүгө, каатчылыкты жеңүүгө бир жылда кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

-- Туура, 5-октябрдан кийинки дайындоолор алардын кесипкөйлүгүнө эмес, “революцияга” кошкон салымына жараша болгон. Бирок ал көпкө созулган жок. Себеби, буга чейинки толкундоолордон кийин деле мындай көрүнүштөргө күбө болгонбуз. Келет, бирок көпкө турбайт. Садыр Жапаров да кечээ эле саясатка келип калган жок да. Бизнес менен ийгиликтүү алектенди, мамлекеттик машина менен күрөшүп, Көлдөн депутат болуп шайланып келди. Министрликке тете кызматты аркалады. Андан кийин эң чоң фракцияны жетектеген болчу. Бир нече саясый процесстерди жасады. Эч убакта мокободу. Ошондуктан ал саясат, мамлекеттик башкаруу эмне экенин жакшы түшүнөт. Анын адискөйлүгүнө эч кандай шек жок. Азыр ага кандай чоң миссия жүктөлгөнүн да сезип турат. Президент үчүн приоритет – экономика. Саясый талаштардын фонунда экономикалык оор суроолор чечилбей, улам артка сүрүлүп калууда. Анткени азык-түлүктүн баасы асман чапчып, киреше азайды. Бизде төрт-беш тармак экономиканын өзөгүн түзөт. Негизги тейлөө тармагы азыр дагы толук иштеп кете албай турат. Экспорттун басымдуу бөлүгү – тигүү тармагы дагы басаңдап калды. Себеби Кытай менен чек ара жабылды, Россияда дагы кризис болгонуна байланыштуу мигранттардын жиберген акчасы кескин түрдө кыскарды. Курулуш дагы токтоду. Мунун баарын жандандырыш керек. Буга тоскоол коронавирустун экинчи же үчүнчү толкуну болушу мүмкүн. Анда бизде экономикалык гана эмес, саясый кризис да чукул арада курчуп кетиши мүмкүн.

-- Шаардык жана жергиликтүү кеңештердин шайлоолоруна отузга жакын партия аттанды. Бул көрүнүш эмнеден кабар берет? Эмитен эле саясый активдүүлүк күчөп баратса, күздөгү парламенттик шайлоо курч мүнөздө өтөт го?

-- Бишкек Кыргызстандын экономикасынын 60%ын түзөт. Шаардык кеңеш болсо мэрди шайлайт. Керек болсо бул кызмат премьер-министрден да жогору турат. Бюджетти бекиткен да шаардык кеңеш. Ошондуктан бүт ири бизнес топтор ал жакка барууга ынтызар. Жергиликтүү шайлоо Жогорку Кеңештин шайлоосунун башкы репетициясы. Алдын ала күч сынап, республикалык парламентке баруу үчүн плацдамр. Буга чейин шаардык кеңешке мурунку олигархтардын, экс-чиновниктердин балдары толуп кеткен. Анткени бизде шайлоолор кызматтарды бөлүштүрүү олигархиялык капитализмдин бир түрү болуп келе жатат. Мындайда  кайра эле административдик ресурстун, акчанын күчү шаардык кеңештерге өтө турган шайлоодо чоң роль ойной турганын көрүп келгенбиз. Бул репродукция – чириген система өзүн-өзү кайталоо этабы. Ушундан улам да шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык күчөп кеткен. Бул жолу да кескин өзгөрүү болбойт. Шайлоочулар да талапкерлердин убадаларына ишенбейт, азык-түлүк пакетин берсе эле ынанып, олигархтарды шайлап коюшат. 


Асланбек Сартбаев

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер