Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 1,5 миллион доллар, 600 миң рубль тонолду. Ногойбаевди кылмышкерлер тоготпой калышты

1,5 миллион доллар, 600 миң рубль тонолду. Ногойбаевди кылмышкерлер тоготпой калышты

08-декабрь, 10:59
7 845 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Үсөнбаев көчөсүнөн 1,5 миллион доллар, 600 миң рубль тонолду. Куралчан топ бизнесменден жулуп кетишсе, бул маалыматты милиция жашырып, билмексенге салганы кандай? Же кылмыш чөйрөсү менен биригип кетишкенби? Азамат Ногойбаев Бишкек ШИИБге начальник болгону чаржайыттык башталган. Чөнтөк уурулар күчөп, телефон “шыпырмайлар” көнүмүшкө айланып, алар менен күрөшүү кыяматка айлангандай. Мындай шартта ири суммадагы каражаттарды тоноо, миллиондорду бөктөрүп кетүү да адат болуп, бизнесмендерге кыйла эле кыйынчылык жаратууда. Титиреп, үрөйлөрү учуп калышты. Кыскасы, кылмыш дүйнөсү кескин түрдө үстөмдүк жаратып турган учур. 

Эске салсак, Свердлов районунан былтыр Эркин Тентишевдин 1 миллион 400 миң долларын уурдап кетишкен. Табылбай калганы таңгалдырган. Быйыл болсо дал ушул РИИБнин кызматкерлери 13 жашар кызды алмак-салмак зордукташып, бүт дүйнөгө шерменде болушту. Өтө оор кылмыштарды санай берсек арбын. Өкүнүчтүүсү, Азамат Ногойбаев милдетин аткара албай калды, кызматты кор кылууда. Ал эми Свердлов РИИБнин начальниги эшек такалап отурабы? Бул өзү кимИштей албаса кетпейби? Мына ушундай шалаакылардын айынан шаардыктар нааразы болушуп, бийликтин беделине сокку урулууда. “Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат” дейт. Кадр саясаты аксап, кол ийрисине тартып отуруп, аягы трагедия менен аяктабайбы? Ток этерине келсек, Азамат Ногойбаевди кылмышкерлер тоготпой, күчүктөй эле чимирилтип калышканбы? Эрксизден баш чайкайсың... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер