Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы?

Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы?

22-апрель, 02:22
956 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президент Садыр Жапаров оюн-зоок жайлары жөнүндө мыйзам долбоору боюнча билдирүү жасады.

Ал өз сөзүндө «кумарканалар Кыргызстан жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзамда кыргызстандыктардын кумарканага кирүүсүнө жана кумар оюндарын ойноосуна тыюу салынары жазылып турат. Депутаттар туура эле колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаманбы? Мындай тажрыйба көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган популист депутаттар бул мыйзам долбоорун колдогон депутаттарга каршы кара пиар жасап жатышат» деп айтылат мамлекет башчысынын билдирүүсүндө.

Президент белгилегендей эле экономикабыз солгундап, оорчулук жаралып турган учурда колдоого татыктуу мыйзам болду. Туристтерден киреше алып келүү жолуна каршы чыккандар таңгалдырат. Айрым популисттер жана динге жакын адамдар үчүн талкуулоочу тема табылып, катуу сынга алышууда. Бирок кантсе да туура чечим болду. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер