Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Азия Ньюс» гезитинен саясый күлкү...

«Азия Ньюс» гезитинен саясый күлкү...

13-январь, 00:49
1 295 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маектеш

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев зоодүкөнгө кирип:

-- Силерде сүйлөй ала турган тотукуш барбы? – дейт.

-- Жок. Түгөндү.

-- Бирди таап бергилечи, балдар? Сүйлөшкөн киши жок, жинди болуп кетмей болдум. Канча акча десеңер да берейин.

Акчаны укканда дүкөндө иштегендердин ниети бузулат. Өздөрүнчө сүйлөшүп, үкүнү боёшот да, тотукуш деп сатып ийишет.

Бир жумадан кийин Абыкеев кайра келет.

-- Рахмат, балдар!

-- Эмне, сүйлөй баштадыбы? - деп таңкалышат дүкөндөгүлөр.

-- Жок. Бирок, момурайып, сүйлөсөң аябай муюп угат экен...


Колум тоңот

Аскар Медетов аялдамада үшүгөнүнөн эки колун чөнтөгүнө салып турса, сунала баскан бир кыз келет.

-- Байке, саатыңыз канча болду, айтып коёсузбу? 

-- Жазында келчи, чоң кыз, жазында...


Алыс арылык

Жылдыз Жолдошовадан анекдот.

Бир жигит мопед минип келатса алдынан семиз аял чыгат. Жигит түз эле барып, аны сүзүп кетет.

-- Эй, көзүңө карабайсыңбы! - дейт аял ач айкырыкты салып. -- Айланып өтсөң болбойт беле?

-- Айланып өткөнгө бензиним жетмек эмес да, - дейт анда жигит. 


Ералаш

Рыскелди Момбеков кафеге кирет.

-- Эмне тамагыңар бар?

-- Бир эле тамак калды.

-- Эмне?

-- Буурчактан сорпо – рассольник.

-- Бир эле тамак дебедиң беле? Экөө эки башка да?

-- Кострюлду срочно бошотуш керек болуп, экөөнү кошуп салганбыз.


Камкордук

Министр Данияр Амангелдиевди таракандар такыр уктатпай коюшат. “Булардан кантип арылсам?” деп ойлонуп отуруп, акыры мындай амал иштетмей болот. Үнүн катуу чыгарып, “жейин десем үйдө эчтеке жок” деп сүйлөнө берет. Муну уккан таракандар чын эле ээрчишкен бойдон чыгып кетишет. Кулагы тынч ала түшкөн Данияр заматта уйкуга кетет. Бир маалда бирөө бетинен тиштегендей болот. Көзүн ачса жайнаган таракандар...

-- Шеф, тур, - дейт бири. -- Биз тамак таап келдик. 


Кандаштар

Бактыбек Калмаматовдон анекдот.

Аялдамада эки жигит урушуп атышат:

-- Эшек! - дейт бири

-- Чочко! - дейт экинчиси.

-- Экөөң тууган экенсиң, анан урушканыңар уят да! - дейт ары жакта карап турган бирөө.


Кулсуз калганда 

Динара Кутмановадан анекдот.

Бир келин кичинекей уулунан сурайт:

-- Медер, картошка тазалагычты көзүң чалган жокпу?

-- Атамдыбы? Атам экөөң бир ай мурда эле ажырашып кетпедиңер беле?


Адашпайсың

Нургүл Бакированын байкоолорунан: “Кыздар, жигиттерди таанышуу сайтынан эмес, ишке жайгаштыруу сайтынан издегиле. Анкета ошол эле, бирок сүрөтү менен резюмеси чын чыгат”.


Гендердеги теңсиздик

Камила Талиева таңкалып атат дейт:

-- Эркек киши учса, “супермен” дешет. А аял учса эмне үчүн “жезкемпир”?..


Эркиндиктин баасы

Жамбыл Камчиевден анекдот.

Эки киши жолугуп калышат.

-- Эмне, сени жиндиканадан чыгарыштыбы? - деп сурайт бири.

-- Ооба. Бирок, жаман жери – тактыдан баш тартууга туура келди.


Арактан айрылганча...

Жусупжан Жээнбековдон анекдот.

Эки алкаш ичип отурушат.

-- Карасаң, жылдыз учту! - дейт бири. -- Бол, тилегиңди айта сал.

-- Аракты таштасак экен...

-- Ээ, мен жаңылыптырмын. Жылдыз эмес эле самолет турбайбы.


Вариант жок

Рита Карасартовадан анекдот.

Эки крокодил суунун ичинде сүзүп жүрүшөт. Сууга жакын жердеги даракта болсо бир маймыл отурат.

-- Тиги маймылдан “күйөөң барбы?” деп сурайлы. Эгер “бар” десе, “сендей түрү суукту ким алды экен?” дейбиз. А эгер “жок” десе, “сендей түрү суукту ким алмак эле” дейбиз.

Экөө жээкке жакын барып, маймылдан сурашат:

-- Эй, күйөөң барбы?

-- Жок. Тегеригим жалаң крокодилдер болсо, кимге тиймек элем...


Замандын белгиси

Айбек Осмоновдон анекдот.

Бир бизнесмен офисте отурса телефонуна СМС келет: 

-- Балаңыз бизде. 

Бизнесмен ошол замат жанагы номерге телефон чалат: 

-- Баламды залогго алып, менден эмне талап кылмакчысыңар? Акчабы? Канча?

-- Сиз эмне, жинди болдуңузбу? Биз бала бакчадан чалып атабыз. Балаңызды алып кетпейсизби? Бир сааттан бери күтүп отурабыз...


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер