Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Аскердик күч мыкты болсо, экономика да жакшы өнүгөт”

“Аскердик күч мыкты болсо, экономика да жакшы өнүгөт”

23-сентябрь, 21:17
357 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен окуясынын экономикага болгон таасири инвесторлор үчүн да терс маанай жаратты. Мындан аркы экономикабыздын абалы дагы оорлочудай.

 Искендер Шаршеев, бизнес ассоциацияларынын улуттук альянсынын жетекчиси: 

-- Бул кайгылуу окуя, албетте, инвесторлорду үркүтөт, коркутат. Бизнестен качырат. Бирок инвесторлор өлкөлөрдүн кырсыкка туруштук бергенине да карашат. Кандай туруштук бердик? Күчтөндүкпү? Алсыздандыкпы? 

Албетте жакшы экономиканы куруу үчүн стабилдүүлүк керек. Саясый стабилдүүлүктү аскер күчү жана мамлекеттик институттардын бекемдиги калыптандырат. Аскердик күч арта берсе, улуттук кандайдыр бир консенсус бар болсо, анда экономика жакшы өнүгөт. Инвесторлор ошондой өлкөлөрдү жакшы көрөт. Бул бизге дагы бир шанс. Улуттук консенсус көрсөтсөк, аскерий жактан күчтүү болсок, бул экономиканын өнүгүп кетишине жакшы өбөлгө түзөт. “Күчтүү өлкө тура, биздин инвестицияларды коргой алышат, адилеттүүлүгү бар экен” деп келе башташат. 

Алмаз Шабданов, экономика боюнча эксперт:

-- Бул конфликт чоңоюп кетсе, сөзсүз түрдө экономикага терс таасир этет. Бирок бүгүнкү күндө орчундуу жоготуу алып келбейт. Эгер кайрадан күчтөнө турган болсо, бүт экономикабызга таасир этет. Биринчиден, банк сферасында акчаны жүгүртүү, инвестиция боюнча, сырттан акчалардын кириши жагынан да кедергисин тийгизет. Көп инвесторлорго биздин өлкөгө киргенге мүмкүнчүлүк болбой калат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер