Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мектеп окуучуларын 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүүгө даярбызбы?

Мектеп окуучуларын 12 жылдык билим берүү системасына өткөрүүгө даярбызбы?

17-апрель, 21:30
764 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Мектепке кирген окуучу балдарды 12 жыл окутуунун майнаптуу жагы, анын себептери, күнгөй-тескейи кандай?” деген суроону билим берүү тармагына кайсы бир деңгээлде тийешеси бар адис адамдарга берип көрдүк. Жооптору бир кылка болбоду. Бул маселе соцтармактарда да катуу талкууга алынууда.

Ишенгүл Болжурова:

-- Менин оюмча, бул өтө кызыктуу көйгөй. Биринчиден, эл аралык келишимдерге келгенде, биздин бүтүрүүчүлөрдүн аттестаты менен башка эл аралык чоң окуу жайга кабыл алышпайт. Анткени, “12 жылдык эмес” деген нострификациядан (Нострификация (от нем.Nostrifikation, от лат.noster — наш и лат.facere — делать) (приравнивание) — процедура признания образовательных документов иностранных государств, то есть согласие соответствующих органов государственной власти на наличие законной силы этих документов на территории данного государства) өтө албайбыз. Өзүмдүн практикамда мындай учурлар көп болгон. Мектепти 12 жылдык кылып атканын колдоп атам. Угушума караганда, 12 жылдык кылуу менен бирге кээ бир окуу предметтерин кыскартуу жагы каралып да атыптыр. Жөн эле кыскартуу эмес, бүткүл дүйнөлүк мектептердеги окуу-пландарына, талаптарына ылайыктап атат, бу жакшы нерсе. Балдар 11-классты бүткөндөн кийин ЖОЖго барганда “СРС” деп (самостоятельная работа студентов) коёт, ошого көпчүлүгү көнө албай жүрүшөт, муну мектеп даярдабай атат. 12 жылга өткөндө программасы өзгөрүлөт. Азыр такыр башка дүйнө, балдар да жаш жетилип атат. 3-4 жашында сотканы билет, 6 жашында мектепке кирип окуса болот. Ушу жерден бир нерсени айта кетейин, кайсы бир министрлик реформа киргизерден мурда анын жакшы жагын коомчулукка түшүндүрүп, баардык өңүттөн кынаптаса сонун болот эле. Бул жерде негизги маңызы жана стратегиялык жагы туура, ал эми тактикасы көп жакшы болбой атат. Мен бул демилгени колдойм.

Асылбек Жоодонбеков, коомдук ишмер: 

-- Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзү боюнча 136 мамлекет 12 жылдык билим берүү системасына өткөн. Биздин мектепти бүткөн балдарыбыздын умтулуусу кеңейип, чет элде окуганга каалоосу күч. Бирок, көпчүлүк учурда кайсы бир эл аралык талаптардан улам кыйналып калышууда. Ошондон улам көтөрүлгөн бул маселенин да жөнү бар экенин айтпасак болбойт. Бир сөз менен айтканда, эл аралык деңгээлге шайкеш келтирүү кадамы катары кабыл алганыбыз оң. Ооба, билим берүү министри “келерки 2022-жылдан эле баштай салабыз” дегенден алыс экенин билдирди. Ал ортодо окуу-пландары, анын окуу-жүктөмдөрү да реформага туш болорун кошумчалады. Менимче, бул демилгеси жаман эмес. Анткени, биздин мектептерде канча жылдан бери реформа болбой келет. Анын ичинде кереги бар, кереги жок предметтер толтура. Ошондон улам окуучулардын билим деңгээлдери өтө төмөн түшүп кеткен эле. Бир гана мүчүлүштүк – министр этап-этабы менен реформа кылуунун ордуна “шыр” эле баштап ийгени, коомчулукка жар салганы күтүүсүз болуп, кээ бир ата-энелер чочулап турат. Мындан сырткары, мыкты, дасыккан адистер менен кеңешип-кесип, “Кыргызстандын алкагында, ошол эле учурда шаар менен айылдын шартында реформа кандай учурда эффективдүү болот?” деген таризде акылдашып, макулдашып койсо болот беле? 

Гүлшайыр Абдирасулова, коомдук ишмер:

-- Билим берүү министри орто мектепти 12 жыл кылуу боюнча демилге көтөрүп чыгары менен эле көпчүлүк эл билип-билбей каршы болуп аткандары байкалууда. Алар кандай шартта 12 жыл экенин, канча жаштан баштап мектеп босогосун аттайт. А жерде нолевой класс деген нерсеси барбы же жокпу дешип түкшүмөл ойлорун билдирүүдө. Албетте, билим берүү системасына алгылыктуу реформа керек. Бир эле мектепте эмес, атайын орто окуу жайларда, колледжде, ЖОЖдордо. Азыр көпчүлүк эл билимге умтулуудан мурда мектепти бүткөндөн кийин кантип жан багуу жагын ойлоп атышат. Мектепти 11 жыл мойнунан байлаган иттей болуп окуп бүткөн балдардын көбү андан ары билимин уланткандын ордуна базарга чыгып кетишүүдө. Кээси Россияга мигрант болушууда. Ушунун баарын эске алып, бир нече жолу “тегерек үстөл” уюштуруп, адистердин кеп-кеңешин угуп, “жети өлчөп бир кес” деген сыяктуу иш-чараларды байма-бай өткөзүп туруп, анан 12 жылга өтүү чечимине келсе дейт элем. Азырынча баары түшүнүксүз... 


 Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер