Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Муканбетов: "Бийлик аргасыздан моралдык уроддордун колдоосуна муктаж болуп атат"

Сабыр Муканбетов: "Бийлик аргасыздан моралдык уроддордун колдоосуна муктаж болуп атат"

13-октябрь, 19:59
5 867 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Салам Сабыке!

-- Ой Суке, туулган күн кут болсун! Ден соолук, узун өмүр, айтор, дүйнөдөгү болгон жакшылыктын баарын каалайм! Байбичең экөөң балпайып төрдүн көркү болуп, небере-чөбөрөнүн чайын ичип, жүз жашагыла! Эл-журтта тынчтык, токчулук болсун! Бар бол, досум!

-- Рахмат Сабыке! Көртирликке кайрылалы эми. Каркыра казакка кетип атканда катуу жээлигип, жумуртка муш жеп, желек көтөрүп, жөө жүрүш баштап жүрдүң эле, Кемпир-Абад өзбекке өтүп атса, дайның жок го досум, кайдасың?

-- Агезде жаш элек, коом дагы, биз дагы башка элек. Бийликтин камчысын чаап, жугундусун ичип, элдин таламын талашкандарды жумуртка менен чаап, кол салып тытмалагандар анда да чыккан. Бирок аларды керек кезде гана чогултуп, бир тойгузуп, ажылдатып таратып ийчү ОБОНдор болсо, бүгүн соцтармактарда ажылдап бийликти коргогон, кандай адам болбосун аёосуз маскаралап, боктоп таштачу, туруктуу каржыланган топтор арбын. Алар менен ажылдашып, айтышып, бийликти шыбап, оппозиция болумуштарды колдогон тараптар да бар, алар деле ач эмес, түркүн каржы булактарына байланган. 

Карап турсаң, булар Кыргызстандын, кыргыз элинин тагдырын ойлошпойт, жеке кызыкчылыгы, кызыл кекиртеги биринчи орунда эмеспи. Кемпир-Абад, Баткен, чек ара көйгөйлөрү негизги деле маселе эмес, КВНде балл топтоо үчүн берилген темалар сыяктуу эле сезилет. Кайсы багыт болбосун булар эки бөлөк, ар кими өз көмөчүнө күл тартат, каршылашкан тарапты аёосуз сындап, жер менен жексен кылууга даяр. 

-- Анан ушундай жагдайда кимди колдойсуң? “Бийлик Кемпир-Абадды алдатты, сатты” дегендерди колдойсуңбу, же “туура кылды, азамат!” деп алкагандардыбы? 

-- Кандай болгонун иликтеп аңдабай туруп, бир тарабын колдосоң, анда тиги “итаяк жалагычтардан” эмне айырмабыз болот? 

-- Анан эмне үчүн карап, иликтеп койгон жоксуң? Эл, жер тагдырына кайдыгерсиңби? Буга кандай жооп бересиң? “Чарчадым, чааалыктым, карыдым, баспай калдым” дегиң барбы?..

-- “Бөрү карыса да бир койлук алы бар” демекчи, чаалыгуу жок эмес, “баспай калдым” деш али эртелик кылат. Маселе эбак чечилгенин көрүп, курулай кужулдак экенин сезип туруп, аралашкандан жийиркенип, оюмду ортого салгым келген жок. Чындап элдин кызыкчылыгы үчүн күйүп, маселени кылдат иликтеп, оюн ортого салгандар да арбын. Бирок алардын сөзү угулдубу? Тиягына, быягына кошушту да, жүда-а боктоп салышты. 

-- Кемпир-Абад маселеси ошентип бүттү окшойт. Эми Баткенди кантип чечер экенбиз? Ворухка жол (коридор) салынып, Лейлек анклав болуп калса деле бийликчил “фейк контора” “иттей сонун болду” деп кыйкыра береринде күмөн жок. Бирок ошону менен иш бүтөбү? 

-- Албетте, аны менен иш бүтпөйт. Геосаясат, чоң оюнчулар бул регионалдык конфликтти колдонууга кызыкдар экени байкалып, АКШ Тажикстанга курал, учактарды, Кыргызстанга каражат бергени жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинадагы чатакта орус үстөмдүгү күч алып, Батыш чегинүүгө мажбур болуп алсыраса, АКШнын Орто Азия аркылуу оруска жасай турган чагым планы ишке ашпай, региондо тынчтык сакталарын ишенимдүү айтсак болот. 

А эгерде Украинадагы конфликт итжыгылышка айланып, көп жылга созулса, ошол эле учурда АКШнын аскердик, каржылык мүмкүнчүлүктөрү болсо, анда АКШ сөзсүз түрдө Орто Азия чөлкөмүнө калайман саларына ишенсек болот. 

Анткени Россиянын күчтүү державага айланышына, Кытайдын дүйнөдөгү биринчи экономикалык баскычына чыгышына жол бербөө – алардын негизги максаты. Себеби, дүйнөлүк гегемондугун сактап калбаса, Америка өзү жок болорун билет. Ошол учурда Кыргызстандагы батышчылдардын сөзү үстөм, акчасы таттуу көрүнүп, Батышка ыктап, азыркы Украинанын кейпин кийип калбасак экен (!) дегиң келет. Ошондой кырдаалда элибиз деградация болуп, ички чатактан башы чыкпай жатканы кимди ойлондурбай коё алат? 

Дүйнө катуу каршылаштыкка тушугуп, үчүнчү дүйнөлүк согуш алааматы жер жүзүн каптаганы турат. А бизчи? Биз өрт чулгаган токойдогу тарп талашкан чөөлөргө окшошуп турабыз. Төрт тарабыбыздан тең жалын каптаганын, ал өрт акыры бизди куйкалап, өлөрүбүздү сезген да жерибиз жок... 

-- Ал өрттөн бизди эмне сактайт?

-- Элдүүлүгүбүз сактайт. Коркунучту алдын ала сезип, бир багытты тандап, ошол жактын өртүн өчүрүп, ишеничтүү шериктеш менен бирге болууну ойлонушубуз керек. А биз бийлик талаш, өч алуу менен алекпиз. Бийлигибиз да өтө пас, жийиркеничтүү деңгээлде каршылаш оппоненттерин боктогондорду колдоп, элди бөлүп-жаруусун улантууга мажбур. Себеби, кетирген каталыктардын айынан рейтинг төмөндөп, жактоочулары азайып калган. Анан аргасыз моралдык уроддордун колдоосуна муктаж болуп отурат. 

-- Минте берсек кандай болот? 

-- Эл болуудан калып, мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калышыбыз беш мүнөт. Мамлекет деле адам сыяктуу: туулат, өлөт. Бири жүз, бири миң жыл жашайт, бири туулбай жатып туна чөгөт. Азыркы дүйнөдөгү 193 мамлекеттин 90%ы 100 жашка чыга элек. А биз “мамлекет болдук, мамлекетибиз бар” деп корстон болуп,   түбөлүктүүдөй сезип жүрөбүз. 

-- “Элдүүлүгүңдү сактасаң мамлекетиң болбосо да кылым карытып сакталып келе бересиң” дегенди айтып атасыңбы?

-- Ооба да. Кыргыз эли өз алдынча мамлекетибиз болгон үчүн гана кылымдарды карытып ушул күнгө чейин сакталып келбедиби! Кыргыз каганатынан кийин деле миң жылдан ашык мамлекетсиз, ар кимдин курамында жүрүп жоголгон жокпуз го? Анткени элдигибизди, тилибизди, нарк-насилибизди жоготкон жокпуз. Биз Хундардын, Түрк каганатынын курамында, кезинде өзүнчө Кыргыз каганатын курганга жетишип, Чыңгызхандын империясынын, Чагатай улусунун, Моголистандын, Кокондун, СССРдин курамында жүрүп деле тилин, дилин, элдүүлүгүн жоготпой сакталып келген эл болдук да. Азыр тескерисинче, эгемен болдук дегенде тетири сийип, нарк-насилден ажырап бараткан жокпузбу? Же андай эмеспи? Бул ойлончу маселе!

Албетте, өз алдынча мамлекет болгон чоң бакыт. Ар бир эл, этнос эркин, көз карандысыз мамлекет болгусу келет. “Ошондой болуш керек, Россияны таркатып, башкыр, татар, дагестан, якут, төбөй, бурят, чукча, ж.б. багын ачабыз” деген келесоолор бизде да көп. Бирок ал мүмкүн эмес. 

Экинчиден, аны менен алардын багы ачылбайт. Владивостоктон Псковго чейин АКШ пландагандай 10 мамлекет болсо, анан 10 чек арадан өтө албай кыйналып, казак чегиндеги кыргыздын кейпин кийсе жыргашабы? АКШ ири держава бойдон калып, тоногонго ыңгайланып онго бөлүнүп, 10 марионетка президентти отургузуп койгон 10 квази мамлекеттин элинин шору шорподой кайнайт да.

Россияда 150 этнос, Кытайда 1000ге жакын эл бар, бүт дүйнөдөгү элдердин баарына мамлекет куруу мүмкүнчүлүгү берилсе, 5000-10000 мамлекет болсо, тынымсыз согуш, кыргын уланса кимге жакшы? Колония кылып, кырып-жоюп, канын соруп жашаган ири мамлекеттерге эле огожо.

Дүйнөлүк тажрыйбаны эске алсак, орто эсеп менен 300 миллиондон кем эмес ар улуттуу, көп конфессиалдуу, укуктары бирдей каралган калкы бар, жетиштүү жер-суусу ирилешкен мамлекеттер гана өнүгүп-өсүүгө шарты болорун окумуштуу экономисттер айтып жатышат. Ошондо гана аскериңди оңдоп багып, фундаменталдуу илимди өнүктүрүүгө мүмкүн экен.

Азыр болсо дүйнө катуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Иран ШОСко кирип, Түркия, Араб өлкөлөрү да кошуларын айтып жатышат. Россия, Кытай, Индия, Пакистан, Түркия сыртынан чулгап турган Евроазия континентинин ортосунда жайгашкан Кыргызстан бул коңшулар арасында өз ордун таап, бакубат өмүр сүрө алабы? Же бири-бири менен чабышып, бири-бири менен урушуп жүрүп жок болобу? Мамлекеттүүлүктү туу тутуп сактай турган нарктуу эл болобузбу, же жайрап калабызбы? Азыркы күндүн көйгөйү ушу.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер