Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Гидрогеологиялык кызматты башкаминистрликке кошуу туура эмес”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Гидрогеологиялык кызматты башкаминистрликке кошуу туура эмес”

21-июль, 21:15
424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы менен маек.

Министрлер кабинетинин “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө токтому чыгып, андан суу ресурстары кызматына караштуу “Гидрогеологиялык экспедиция” мамлекеттик ишканасы бөлүнүп алынган. Бул мыйзам суу тармагына, гидрогеология кызматына бир топ терстаасирин тийгизерин адистер белгилеп айтып чыгышууда. 

--Дүйшөнбек мырза, бүгүн гидрология тармагы, суу запастары тууралуусөз кылсак...

--Кыргыз Республикасы Борбор Азия чөлкөмүндөгү башка өлкөлөрдөн айырмаланып, жер астындагы суулардын чоң запастарына ээ. Кыргызстандын жер астындагы суулары стратегиялык сырье жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуу системасы, объектилерди өнөр жай жана айыл чарба суу менен камсыздоо булагы болуп саналат. Кыргызстанда калкты суу менен камсыздоонун 90-95%ы жер астындагы суулардан – скважиналардан жана булактардан алынат. Геология системасындагы гидрогеологиялык кызмат 80 жылдан ашык убакыттан бери бул турмуштук маанилүү маселелердин баардыгын чечип келет.

Бүткүл 80 жылдык мезгил ичинде гидрогеологиялык багыт Кыргыз Республикасынын геология системасынын структуралык жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы 1951-жылы уюштурулуп, көптөгөн структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу мамлекеттик ишкананын гидрогеология башкармалыгы «Кыргызгеология» болуп өзгөртүлгөн.

Гидрогеология башкармалыгы жер астындагы сууларга байланыштуу дээрлик маселелерди чечүүчү жалгыз мамлекеттик адистештирилген уюм болуп саналат. Бирок колдо болгон баардык гидрогеологиялык запастар кагаз жүзүндө отчеттор жана гидрогеологиялык карталар (500 томдон ашык) түрүндө сканерден өткөрүлбөйт, санариптештирилбейт жана эч жакка берилбейт. Кээ бир гидрогеологиялык материалдар жашыруун же DSP катары классификацияланат.

Гидрогеологиялык багыт 80 жылдык бүткүл иш мезгилинде калкты жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди ичүүчү жер астындагы суу жана жер астындагы горизонттордон сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча стратегиялык маанилүү милдеттерди чечет. 

--Кыргызстандын гидрогеологдору бир топ жылдардан бери кандай иштердижүзөгө ашырып келет?

-- Жер астындагы таза суу кенинин 127 жана 40 минералдык-термалдык суу кенинин эксплуатациялык запастары чалгындалган.Дээрлик баардык гидрогеологиялык артезиан бассейндеринде комплекстүү геологиялык жана гидрогеологиялык изилдөө иштери жүргүзүлгөн.Жер астындагы суулардын мамлекеттик эсеби жана скважиналардын суу кадастры жүргүзүлүп, буга чейин 15 миңден ашык эксплуатациялоочу скважина мамлекеттик каттоодон өткөн жана бургулоодо аларды каттоо улантылууда. Учурда гидрогеологиялык материалдар санариптештирилип, суу алгычтардын электрондук маалымат базалары жана аларды келечекте практикалык колдонуу үчүн жайгаштыруу схемалары түзүлүүдө.

--Гидрогеология тармагы бир топ көйгөйлөргө тушугуп, жаңы уюштуруу иштерине муктаж экен...

--Ооба, учурда гидрогеологиялык багыт көптөгөн кайра уюштуруулардан, бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө которуулардан, бюджеттик каржылоонун аздыгынан, кесипкөй кадрлардын жетишсиздигинен, ЖОЖдордо аларды даярдоонун төмөн деңгээлинен, чыгымдардын аздыгынан кейиштүү абалда. Кийинки ар кандай кайра уюштуруу, анын ичинде гидрогеологиялык кызматты өткөрүп берүү, бүткүл багытты жана калган квалификациялуу адистерди жоготууга алып келет. Бул Кыргызстандын калкын ичүүчү суу менен камсыздоонун коопсуздугуна таасирин тийгизет, өзгөчө акыркы 2022-23-жылдары Бишкекте ичүүчү суунун жетишсиздиги кескин өскөн.Ушуга байланыштуу аталган министрликке гидрогеологиялык кызматты кошуу туура эмес болуп, бул тууралуу мамлекеттик ишкананын «Кыргызгеология» жетекчилиги министрлер кабинетинин жетекчилигине билдирген. Бирок, бүтүндөй гидрогеологиялык кызматтын жоголушуна алып келиши мүмкүн болгон илимий мамилесиз эле күтүлбөгөн жана такталбаган чечим кабыл алынган. 

Андыктан, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен гидрогеологиялык кызматты кайра өзүнчө бөлүп алуу маселеси тез арада каралып чечилиши – бүгүнкү күндүн өтө зарыл маселеси болуп турат. Бу көйгөйлөргө анык көзүбүз жетип тургандыктан, адистер кайрылууну туура көрдүк.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер