Акыркы кабарлар
» Саясат » Экс-депутат Алиярбек Абжалиев Кайыңдыдагы “Кабель” заводун кантип ээлеген?
Экс-депутат Алиярбек Абжалиев Кайыңдыдагы “Кабель” заводун кантип ээлеген?
08-апрель, 09:00

Кайыңдыдагы “Кабель” заводунун 51 пайызына Алиярбек Абжалиевдин ээлик кылганын, кытайлар менен темир ширетип иштетип атканын жергиликтүү тургундар билдиришти. Кандайча “басып” алган? Бул эргул “Мыйзамсыз баюу” беренеси, бир топ коррупциялашкан иштери менен эки ирет камалып чыккан да. “Кусуп” бергени – кылмыштарын моюнга алганы, туурабы? Эми “Кабель” заводуна кантип кожоюндук кылганын айтып, жооп бере алабы? Кызык, кыска аралыкта эле олигархка айланып, жеке басар катары чыга келгени таңгалдырат. Пенденин көзү тойбосо, аягы жакшы бүтпөсө керек. Сокеге куда боло калып, далай жерди “жайлап” кеткени ушулбу?
"Азия Ньюс" гезити