Акыркы кабарлар
22:58
» Коом » Валюта рыногунда жасалма долларлар жайнай баштады
Валюта рыногунда жасалма долларлар жайнай баштады
19-апрель, 12:01

Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкноттору көбөйүп жатканына байланыштуу билдирүү таратып, калкты акча алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырды.
Маалыматта чет өлкөнүн валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл экени белгиленген.
"Валюта алмаштыруу жайларына барганда Улуттук банктын лицензиясынын бар экенине көңүл буруу керек. Лицензия жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөнү тууралуу катынын түп нускасы көрүнөө жерге илинүүгө тийиш".
Жасалма банкнотторду даярдоо гана эмес, жайылтуу үчүн да Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык иш козголо турганын Улуттук банк эскертет.