Абды Сатаров, журналист: “Рыспай аке менен маектеше албай калганыма азыркыга чейин өкүнөм”
-- Абды аке, сиз тележурналист катары чыгармачыл инсандардын көбү менен жакындан тааныш болуп, маек алып калдыңыз. Алардын арасынан сизге кимиси өзгөчө таасир этти?
-- Бул өзүнчө кызык тарых. Бир жолу Чыңгыз Айтматов түшүмө кирди. Жети-Өгүздө экенбиз. Айтматов бийикте, мен ылдыйраакта турам. Айлана көпкөк болуп турган учур экен. Көк-Жайыкта дасторкон жайылган, үстүндө нан, боорсоктор... Анан ойгонуп кеттим. Аялыма көргөн түшүмдү айтып, “Айтматов менен жүрүпмүн” десем, “сен дайыма ушундай кооз түштөрдү көрөсүң” деп тамашалады. Бир жума өтүп-өтпөй эле бир жумуштар боюнча кабинеттен чыгып кеткем (чамасы китеп дүкөнгө кеттим окшойт). Аңгыча эле бирөө жолугуп, “сени жетекчилер издеп атат, тез студияга бар” деди. Барсам, Балташ Кайыпович “Чыңгыз Төрөкулович азыр келет, аны менен маек өткөрөсүң” дейт. Айтматов ал кезде СССРдин президентинин кеңешчиси, “Иностранная литература” журналынын башкы редактору болуп, романдары биринин артынан бири чыгып, даңазасы таш жарып турган учуру эле. “Мен ал киши менен мурда-кийин жакындан сүйлөшүп көрбөсөм, кантип мектешем?” десем, “жок, алып барасың” дейт. Эмне жөнүндө экенин сурасам, “ал өзү айтат” деп койду. Бир убакта эле Чыңгыз Төрөкулович өзү келип калды. Маанайы жакшы экен. Бирок, кебетеси кичине чарчаңкы. Балташ Кайыпович тосуп алып, экөө чай ичишкен соң, мени чакырышты. Ал кезде айлыгыбыз аз, кийген кийимибиз да жупуну... Эми ойлосом, бурчта шүмүрөйүп турупмун да. Чыкем “маекти ким алып барат?” деп сурады эле, Балташ Кайыпович мени көрсөттү. Чыкем мени башыман бутума чейин бир карап койду. “Ии, жакшы экен. Эмне жөнүндө сүйлөшөбүз?” деди. Мен ага чейин кытай маданиятын, поэзия, тарыхын изилдеп жүргөн Конрад, Алексеев сыяктуу Чыгыш таануучу академиктердин эмгектерин окуп алгам. Оозума ушул келиптир, “Чыгыш менен Батыш маданиятынын карым-катнашы, анан сиздин жаңы романыңыздын тегерегинде” дедим. Десем, тема көңүлүнө уюй түштү окшойт, “ии, жакшы экен” деди. Чуркаган бойдон костюмерныйга барып, дикторлордун костюмун, галстугун алып кийиндим да, койкоюп кайра келдим. Студияга кирдик, маек башталды. “Ачканда жаңылып, мүдүрүлбөсөм экен” деп атам. Студияга чыгып сүйлөгөндө бир эле сөзүңдөн жаңылсаң, аягына чейин мүдүрүлүп, тайый бересиң. Кайрыйет, жакшы башталды. Студияда отурганда, билбейм каяктан экенин, өзү дайыма кандайдыр бир күч, эмоция келет. Чыкем менен мурдатан сүйлөшүп жүргөндөй эле ошонун деңгээлиндеги суроолорду берип атам. Чыкем салмактуу, оор басырыктуу баштады. Каратисттердей болуп суроолорду берип, ар жагынан тебем, бер жагынан имерем... Ачылбай жаткандай болду. Он беш мүнөттөй өткөндө Чыкем ачылып кетти. Аягында “Чыңгыз Төрөкулович, биз “Эл дүйнөсү” деген жаңы долбоор ачып аттык элек, сиз биринчи баштап бердиңиз” дедим. “Ийгилик болсун!” деп жакшы сөздөрүн айтты. Мен аны Айтматовдун батасы катары кабыл алдым. Аңгыча режиссер “жыйынтыкта” дегендей белги берди. Мен жыйынтыктап, маек соңуна чыкты. Мындай карасам, экинчи кабаттагы режиссердук пультка 30-40тай киши үйүлүп алышыптыр. Бүт баары карап турушкан экен...
Ошол маек эч кандай монтажы жок, бир саат толугу менен кетти. Көргөндөрдүн кээ бирөөлөрү: “Сен кандай бактылуусуң, Чыкемдин батасын алдың!” дешсе, ал кишини жакындан билгендер “Айтматовдун журналисти болуп калдың” дешти. Чынын айтайын, бул маек менин өзүмдүн да курулума толду. Себеби, ага чейин бир кызык маселе болгон. Мен анда ассистент элем, Чыкем катышкан маектердин баарында пультта отургам. Биринчи жолу Кеңешбек Асаналиев менен келди. Маек башталганда эле ал киши кичине туура эмес баштады. “Чыңгыз, экөөбүз Москвада, “Россия” мейманканасынын алдынан жолугуп калып, мени өзүңдүн номериңе алып кирип, “Бетме-бетти” башынан аягына чейин окуп бердиң эле, эсиңдеби?” деп Чыкемди омуролоп атат. Экөө теңтуш да, анан калса, экөөнүн тагдыры да окшош. Асаналиевдин атасы да репрессия болгон. Анан ал өтө билимдүү киши эле. Айтматовдун чыгармалары боюнча “бул кыргыз адабиятындагы жаңы сөз” деп пикир айтып, жаңы жазуучу келгенин алгачкылардан болуп белгилеген ошол киши болгон. Ошондон улам, маекте көрүнгөн эле бирдекелерди айта берип, Чыкемди чарчатты. Программага ылайыксыз болуп калды. Бир жарым саатка созулуп кетти. Анан Чыкем чарчады окшойт, “Кеңешбек, кой, биз андай маселелерди башка жерден сүйлөшөлү” деп чыгып кетип калды. Биз монтаждап атып, араңдан-зорго жарым сааттык маек кылып бергенбиз.
Экинчисинде Салижан Жигитов менен келди. Ал киши мурда радиодо иштеп жүргөн, журналистиканы да жакшы билет. Жакшы эле баштап, жакшы эле суроолорду берип атты. Бирок, Чыңгыз Айтматовдун жанында ал киши баладай эле болуп калат экен. Айтматовдун отурганы өзүнчө бараандуу. Ала-Тоодой болуп турат. Тиги киши болсо чыпылдап... Экөө контраст да. Кала берсе, Салижан аке кичине толкунданды да окшойт, айтор, орто эле маек болуп өттү.
Андан соң адабиятчы Михаил Рудов маектешти. Ал ушунчалык кылдат, ийкемдүү, маданияттуу, абдан мыкты өткөрдү. Александра Черёмушкина менен болгон маеги да жакшы чыкты.
2000-жылы декабрда Айтматов менен дагы бир маек өткөрүү бактысына ээ болдум. Үйүнө барсам, Чыкем өзү тосуп алды. Чарчап турган учуру экен (Жогорку Кеңеште жолугушуулардан келген окшойт), “Абды, мен жарым саат эс алып алайын, силер аппараттарыңарды коюп, даярдана бергиле” деди. Биз иш бөлмөсүндө күтүп отурдук. Бир убакта чыкты эле, “бүгүнкү саясат тууралуу сүйлөшөлүбү, же чыгармачылык жөнүндөбү?” деп сурасам, “саясатты койчу” деп кол шилтеди. Чыгармачылык жөнүндө сүйлөштүк. Анда да бир дем менен тарттык. Баары жакшы кетти. Азыр ошол маектин түп нускасы 5-каналда болсо керек.
-- Бир курдай Сүймөнкул Чокморовдон да интервью алдыңыз окшойт...
-- Көркөм өнөрдө ал кишинин эки канаты болгон. Биринчиси – сүрөтчүлүк, экинчиси – киноактёрлук. Ушул эки көркөм салаада бул кишинин изи калды десек болот. Бир жолу чет өлкөдөн кишилер келип калды. Макс Фриштин пьесасы орус драма театрында коюлган экен, ошону толугу менен тартканы келишиптир. “Кыргыз театр, кино өнөрүнөн ким тууралуу тартсак болот?” деп сурашканда, мен Чокморовду сунуш кылдым.
Өнөрканасына барсак, абдан жакшы кабыл алды. Биздин көзүбүзгө Ала-Тоодой эле болуп көрүнүп турду. Бой-келбети өзүнө жарашып турчу эмес беле. Бир убакта “Абды, мен дарылана турган учурум келип калды, канымды тазалатканга барып келе коёюн” деди. Көрсө, ал кезде бир гана гемодиализ аппараты болгондуктан, ар бир киши саат боюнча кезектешип барышат экен. Анан кетти. Биз ага чейин тарткан сүрөттөрүн карап отурдук. Сүкөм көбүнчө эки темага кайрылыптыр. Биринчиси – пейзаж, экинчиси – кыз-келиндердин бейнелери экен. Эми ушунчалык чеберчилик менен тартылган десең! Баарыбызга аябай чоң таасир калтырды. Бир убакта келди, өңү-башы купкуу. “Абды, мен жарым саат отуруп турайынчы” деп креслого отура кетти. Анан акырындап бетине кызыл темгил кан жүгүрө баштады. Бир топтон соң өзүнө келип, аябай жакшы маек берди. Коноктор болсо сүрөткө, киного тартып атышат. Сүкөм менен менин акыркы жолугушуум ошол болду...
-- Рыспай аке менен да сүйлөшүп калдыңызбы?
-- Ал кишинин атагы таш жарып турган учурда биз жаш элек. Анан 1993-жылы мен Ош облустук телекомпанияда төрага болуп иштеп турганда, жеңем экөө келип жолугушту. Телевидениенин жумушу көп болгондуктан, мен анын үйүнө бара алган жокмун, жайма-жай отуруп сүйлөшө да албадым. Балдарга “Абдыкадыровдун чыгармачылыгы боюнча байма-бай берип тургула” деп тапшырма бердим, бирок өзүм маек кура алган жокмун. Себеби, өзүңөр билесиңер, чогулушка чакырат, иш-чара аябай көп. Анүстүнө 1995-жылы “Сармерден” деп бир чоң долбоор баштап алганбыз. Бир жыл бою Ош жана Жалал-Абад облустарынын өнөрпоздорунун таймашын өткөрдүк. Эл аябай жакшы кабыл алды. Ошондон улам, Рыспай аке менен маек өткөрө албай калганыма азыркыга чейин өкүнөм. Ал өзгөчө бир киши болчу. Отко тараша жакканда алоолонуп күйөт го, чарчылдап, ошондой киши эле да. Мага терең таасир калтырган...