Төлөгөн Келдибаев, саясат талдоочу: “Адам болгон жерде майда коррупциялык иштердин токтошу кыйын”


-- Төлөгөн мырза, эмнегедир коррупцияга шектүү катары көп эле учурда майда кызматкерлер кармалышууда. Мүмкүн жогорку чиновниктерди текшерүүгө алышса, балким жыйган мүлктөрүнөн эле алардын жемкорлукка аралашкан-аралашпаганы билинип калмактыр...
-- Жемкорлук же коррупция – паралап сатып алуу саясый чөйрөдө да, мамлекеттик башкарууда дагы кооптуу көрүнүш. Ал мүлккө же мүлк түрүндөгү эмес байлыкка ээ болуу үчүн бийлик өкүлдөрүнүн өз кызмат абалынан атайылап пайдаланганынан улам көрүнөт. Демек, ал адамдар кызыкдар тараптан сатылып алынат. Ага төмөндөгүлөр кирет: пара алуу, жемкорлук, уурдоо, шалаакылык, кызмат адамдарынын мамлекеттик же менчик мүлктү энчилеп алуусу; өзүнүн расмий статусун расмий эмес пайдалануунун натыйжасында өзү же башка бирөө үчүн мыйзамсыз пайда табуу (жеңилдик, артыкчылык алуу) максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу. Мурдагы бийликтин тушунда жемкорлукка аралашкандар табылышып, тутулушту, жазаларын алышты. Майда коррупционерлер кармалып жатканы боюнча айтсам, адам бар жерде майда паракорчулук токтошу кыйын.
-- БШК айрым талапкерлерди каттоодон баш тартты. Мыйзам баарына бирдей иштейби же айрымдардын жасалма дипломдору сыяктуу алешемдиктер эске алынбай калабы?
-- БШК айрым талапкерлерди каттабай жатканы боюнча айтсам, мурда кылмыш иши кыскартылып же айып салынып калган талапкерлерди каттабай жатат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоодо ушундай бөгөт коюлган. Мыйзам артка иштебейт. Андай бөгөт койгон мыйзам кабыл алынганына бир жыл болду. Мыйзам кабыл алынгандан баштап иштейт. Тагыраагы, артка эмес, алдыга карай жылуу керек.
-- БШК жакшы эле иштеп жатабы же кимдир бирөөнүн буйругун аткаргандай сезилеби?
-- БШК мыйзам кандай болсо, ошол темп менен иштей берет. Алар боюнча жакшы эле пикирдемин. БШК бирөөнүн заказын же буйругун аткара албайт. Анткени, ал жерде жааматтык жол менен чечим кабыл алынат.
-- Баса, “коррупцияга шектелген Нурлан Сулаймановдун уулу Элдар Сулаймановду депутат кылыш үчүн Жалалидин Нурбаевди БШК каттабай койду” деген маалыматтар чыга баштады. Чындыгы барбы?
-- Жалалидин Нурбаевдин талапкерлиги катталбай калганынын себеби, БШК жалпы талапкерлерге карата колдонуп жаткан эрежеден улам болду. Аны биле бербегендер түрдүү божомолдорду айта башташты. Менин баамымда, Элдар Сулаймановдун депутат болушуна бийлик кызыкдар эмес. Анткени, Аравандан ким депутат болуп келсе да, бийликке оппозиция болбойт, бийликке көйгөй жаратпайт. Кимдер көп добуш алышса, ошолору мандатка ээлик кылышат.
"Азия Ньюс" гезити











